Окуу жылы 8-июнда аяктайт
Быйыл, окуу жылы 8-июнда жыйынтыкталып, «Акыркы коңгуроо» майрамы 9-июнда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы жалпы билим берүү мекемелеринде 9-класстар үчүн 11-22-июнда, 11-класстар үчүн 11-23-июнда уюштурулат.
Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча жылда 9-11-класстарды 150 миңдей улан-кыз бүтүрөт.