Кыргызстандык окуучу Менделеев олимпиадасында коло медалга ээ болду
Билим берүү жана илим министрлиги, 9-16-майда Ташкент шаарында өткөрүлгөн «56-Эл аралык Менделеев» олимпиадасына Кыргызстандан 6 окуучу катышканын маалымдады.
Мекеменин маалыматына караганда, олимпиадага 16 өлкөдөн 100дөн ашык окуучу катышып, Кыргызстандык окуучу Иван Решетников химия боюнча коло медаль алды. Ал Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин 10-классынын окуучусу.
Мелдештин катышуучулары эки теоретикалык жана бир эксперименталдык турларда билим деңгээлин көрсөтүштү.