Бишкек-Жалал-Абад аба каттамы күн сайын аткарылат
Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта, TEZ JET авиакомпаниясы
Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча каттамдарды күн сайын аткарууну пландаштырууда. Бул тууралуу ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө, каттамдар жумасына 3 жолу (дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү) аткарылат.
Ал эми, Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча каттам TEZ JET авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шаршемби, ишемби күндөрү) аткарылат. Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча каттам TEZ JET авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шейшемби, бейшемби күндөрү) аткарылат.
Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча каттамдар күнүнө 6 жолу аткарылууда.