Ош мэри жаштар менен жолукту
Ош шаарынын мэриясынын жаштар комитети “Биргеликте бир күн” аттуу достук кече өткөрдү. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агентиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жаштар менен жолугушууда мэр Айтмамат Кадырбаев далардын эс алуу шарттары менен таанышып, алар менен шахмат ойноп, айрым элдик ырларды аткарды. Өз кезегинде активисттер мэрге суроо беришип, өздөрүнүн ойлору менен бөлүшүштү.
Өз сөзүндө шаар башчысы массалык-маданий иш чаралар мекенди сүйүүгө, спорттук жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктү өнүктүрүүгө түрткү берээрин белгиледи.