Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Медведев менен жолукту

Бүгүн, 14-августта Казакстандын Астана шаарында ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолукту.

Эки тараптуу жолугушууда өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданияй-гумантардык багыттагы кызматташуусунун келечеги жөнүндө кеп козголду. Сооронбай Жээнбеков, учурда кыргыз-орус кызматташуусу активдүү жүрүп жатканын, саясий байланыш мамлекеттик деңгээлде экенин белгиледи. Муну менен катар, Орусия менен Кыргызстандын ар тараптуу кызматташуусундагы мүмкүнчүлуктөрдү эске алып, эки өлкө ортосундагы соода байланышын күчөтүү керектигин айтты.

2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода алмашуунун көрсөткүчү 500 миллион долларды түзгөн. Ал эми Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Орусия менен Кыргызстандын эки тараптуу жана ЕАЭБдин алкагында да кызматташуусу маанилүү экенин билдирди. Ошондой эле ал, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын негизинде эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашуу өсүп жатканын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында соода-сатыкты жакшыртуу, санариптик долбоорлорду ишке ашыруу, биримдик аймагында иштеген жарандардын пенсия менен камсыздалуусу, бирдиктүү транспорттук саясат боюнча маселелер каралат.

Булак: «Марал»