Кыргызстанда эки жаран 16 кг нашаа менен кармалды

Милиция кызматкерлери 12-августта “Бишкек-Торугарт” унаа жолунда 16 кг суюк баңгизат алып бара жаткан эки кишини кармады. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, пластик челекке куюлган гашиш баңгизаты “БМВ” үлгүсүндөгү автоунааны текшерүүдө алынган.  Кармалган жарандар Ысык-Көл-облусунун жашоочулар жана кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп саналат.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлєр убактылуу кармоо жайына киргизилди.