Чек арада болгон ок атышууга Кыргызстандын тиешеси жок

12-августта болжол менен саат 20:00дө казак чек арачылары өлкөнүн чек арасын бузган делген адамдарга карата ок чыгарышкан. 15ке жакын адамдан турган топ чек арачыларга баш ийбей, аларга каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада кол салгандардын бири каза болгону тууралуу маалымат тараган.

Аталган окуя боюнча Кыргызстандын эч кандай тиешеси жок, — деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматы. Маалыматка ылайык, адам өлүмү менен аяктаган ок атышуу кыргыз-казак чек арасында эмес, Казакстандын аймагында болгон.