Шайлоо-2017: Бишкекте 33 кошумча добушкана ачылат

Президенттик шайлоого карата Бишкек шаарында кошумча 33 участок ачылат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, студенттер, аскер кызматкерлери жана башка шайлоо маалында борбор калаага келген жарандар алдын ала 30-сентябрга чейин арыз бериши керек. Кошумча шайлоо тилкелери шайлоочуларга ыңгайлуу болуш үчүн жаңы конуштарда, жогорку окуу жайларында ачылмакчы.