Жалал-Абад шаарындагы көчөгө жазуучу Шабданбай Абдрамановдун ысымы коюлду

Шаардын Спутник аймактык башкармалыгына караштуу эски Индустриал көчөсүнө Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдрамановдун ысымы коюлду. Бул тууралуу мэрияга шилтеме жасап, «Азаттык» жазып чыкты.

Аэропорттун четинде жайгашкан бул көчө эки чакырымга созулуп, анда өнөр жай ишканалары жана бир топ мекемелердин кеңселери жайгашкан.