Жээнбеков: Кыргызстан ЕАЭБге электр энергиясын экспорттоого кызыктар

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигиндеги мамлкеттерге электр энергиясын экспорттоого кызыктар. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Астанада өтүп жаткан Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.

Жээнбеков белгилегендей, бул отурумдун Кыргызстан үчүн мааниси чоң. Анын айтымында, ЕАЭБге киргенден бери Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсү байкалып, үстүбүздөгү жылдын алты айында 6,4 пайызга жогорулаган. Сырткы терс таасирлерге карабастан, 2017-жылдын январь-июнь айларында ЕАЭБ мамлекеттери арасындагы соода байланышы 12,2 пайызга өскөн. Ошол эле учурда, экспорт 29,6 пайызга, импорт 7,3 пайызга көтөрүлгөн.

Учурда ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары кеңейтилген кеңешме өткөрүүдө.

Булак: «Марал»