Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Так ушул маалда анын кулагына кайдандыр жакшылыктын да, жамандыктын да жышанындай болгон тааныш шыбырт, ызалуу ышкырык, ошого удаа эле Кызмончоктун жардам сурагандай чакырыгын сезди.

Көздөрү чанагынан чыгып кетүүчүдөй тостоңдоп, кулак түрдү.

***

Кызмончок өзүнө жакындап келип калган Күмүш жыланды анын кызганычтан кышылдаган жек көрүүсүнөн, дабышынан сезип, тааныды. Заматта таш болуп ката түшкөн курсагын алаканы менен калкалай калып, ага жамандыкты көрсөткүсү келбеген өңдүү көздөрүн жумган боюнча селейип, демин ичине катты.

– Жан?!. – аны тирмийип тиктеп турган жыландын Жан эмес экенин билсе деле, ойсезимине биринчи ушул келди. Муну менен – бир жагынан өзүн алдагысы келсе, бир жагынан анын атын атоо менен Күмүш жыланды бир аз болсо да сестентип коюуну ойлоп, бир чети чындап эле Жанды жардамга чакырып, жандилинде жандалбастап кетти.

Күмүш жонду бул ого бетер кайрап, ачынтып жибергендей болду:

– Тс-сс!

Анын узакка созулган ызалуу да, айбаттуу да ышкыргынан кийин Кызмончок көзүн ачып, жакын эле жерде өзүн тостоюп тиктеп турган жыланды көпкө карап туруп, жооп кылды:

– Сен жаңыласың, – деди ал жыланга. – Бул сезим, бул азап, бул сагыныч, бул сүйүү – башкалардын да, Жан экөөбүздүн каалообуздан көз каранды эмес… Болбосо, биз мынчалык каршылыктарга, кыйынчылыктарга туруштук бере алмак эмеспиз. Биз сезимден жеңилмекпиз. Өзүбүз да тирүүлүктүн тозок отуна түшпөйт элек… Балким ал сени менен, мен өз теңим менен тынч өмүр сүрө бермекпиз…”

Бул жооп Күмүш жыланга жаккан жок. Ансыз да тостоюп, кыймылсыз тиктеген чакчайып кетти.

– Тс-с-с..!

Куйругу менен жер сабап жиберген жыланга Кызмончок бу саам жумшак жылмайып, башын чайкады:

– Жок, андай эмес.

Күмүштүн суроолуу көздөрүндөгү: “Анан кандай?” – деген жазуу көлкүлдөп турган.

Кызмончок өзүн-өзү кош алаканы аркылуу тыңшап жаткандай, азга дымып, унчукпай отурду да:

– Бул – адамдын баласы! – деди ошого сыймыктанып да, каниет кылгандай.

Ошол убакта ал Күмүштүн да жаны жай ала түшкөнүн сезди.

Айбан да болсо андагы ургаачылык сезимди – Жанга карата болгон ысык ымаланы, санаркоону, кызганычты сезгени үчүнбү, эмнегедир Кызмончоктогу коркуу, кооптонуу сезими жоголуп, анда эми аёо, жакшы көрүү сезими ойгонду. Ушул эле сезим Күмүштүн да тулку боюн бир тепчип өткөн сыяктанды. Канча убактардан берки канын-жанын удургуткан жек көрүүсү жумшара түшкөндөй болду.

Буга чейин деле, канчалык жек көргөнү менен ал Кызмончокко даап кол сала алган эмес. Эмнеге экенин билип коюптурбу, канча курдай атырылып, сапырылып келип эле, Кызмончокко жакындаган сайын ачуусу да, заары да акырындап тарап, алсыздана түшкөнүн сезчү. Анын үстүнө ак жыландын адам-аялга карата болгон сүйүүсү, кыбыр эткендин баарынан кызганып, кайтарып, жада калса Күмүштүн өзүнөн да коруганы анын сесин алып турчу. Баарынан таң калыштуусу, бүтүндөй жыландардын паашасы – эне-жыландын да мунун алдында башын ийип турушу үлбүрөгөн Кызмончокту ого бетер күчтүү, кубаттуу кылып көрсөтөр эле.

Бирок сыртынан карасаң илбиреп, алсыздай көрүнгөн эки буттуу ургаачынын мынчалык кудуретке ээ экени ага жакчу эмес.

Ар бир жолу ак жыланы аны карай агылып, алып учуп кеткен сайын артынан калчу. Ал ак жыландын ичиндеги Кызмончокко, деги эле адамдарга болгон ушул – буркан-шаркан түшкөн албуут сагынычты, кубанычты, эңсөөнү сезген сайын кызганычтан башы менен жер сабап жибермейи канча?!

Алда кайда жалгыздап качып барып, оргуштап аккан сууга кирип кетип, тээ бир оокумда сүйрөлүп араң чыгып келчү. Бирок ошондо да көксөөсү суубай, ызадан өзөгү өрттөнүп, түтөгөгөнү – түтөгөн. Андыктан:

“Баары бир, баары бир андан өч алам!” – деген сезим эстутумунда кыттай уюп калган.

Ошонун ыңгайын күтүп, издей берчү. Кызмончоктун ээн талаада, эрме чөлдө, жанында коргой турган ак жыланы жок жалгыз жолугаар күнүн самачу.

Мына эми..! Экөө жалгыз! “Желп-желп” эткен сыдырым желден башка кыбыр эткен жан жок!

Азыр эле алда неден санаасы тынчыгандай, саамга бошой түшкөн Күмүш жылан кайра бир серпиле түштү. Башы жерден улам бийиктеп, тостойгон көздөрү Кызмончокту куткарбачудай тиктеди. Кекиртек тушу “бүлк-бүлк” этип, кудум өч алууга суусап, чаңкап тургандай, шилекейин кылкылдатып жутуп алды. Анын бул түрү – кудум, ичинен “ажыдаар” ойгонуп келаткандай, ошол ажыдаар эми анын абалкы сестенүү сезимин кыйратып, жеп-жутуп, эми баарына кыйсыпыр салып, аалам-жерди аңтар-теңтер кылып жиберчүдөй жагымсыз да, коркунучтуу да болчу.

Ушуну сезе койгон Кызмончок эки алаканы менен курсагын калкалап, жандалбастай түштү. Анын көзүнө Күмүш жылан улам чоңоюп, жооноюп бараткандай көрүнүп кетти.

Кызмончоктун ушул акыбалы Күмүш жыланга жакты. Демейде баарынан күчтүү, баарынан сулуу сезилген Кызмончоктун кибиреп, кичирейип, алсыздана түшкөнү анын чырагына ого бетер май тамызып, күчүнө – күч кошуп, табасын да, моокумун да кандырып, ушул ирмемдердин узагыраак болушун каалагандай жыбылжып, ордунан жайбаракат козголду.

(Уландысы бар)

 

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.