NewTV каналынын диктору Жазгүл МАДИНОВА: Жакшы көргөн адамга биринчи болуп кадам таштаганга эрким жетпейт

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Бүгүнкү төр маегибиздин коногу, экрандын көркүн ачып, ошол эле учурда кубулжуган үн, жагымдуу дикция менен ар күнү экран аркылуу жаңылыктарды окуп турууну бала кезинен кыялданып келген каарманыбыз, СTV каналынын диктор-кореспонденти Жазгүл Мадинова. Учурда NewTV каналынын жаңылыктар бөлүмүндө кабарчылык жана дүйнөлүк жаңылыктардын алып баруучусу кызматын аркалоодо. Ал Жумгал районунун Түгөл сай айылында 1995-жылы 7-мартта төрөлгөн. Экранда сүрдүү жана сулуу кыз журналистикага кандай болуп келип калганы, бала кезиндеги кыялдары жана жеке жашоосу тууралуу айтып берди.

– Сизди көгүлтүр экрандан көрүп жүрөбүз. Айтсаңыз, теле жаатында иштөө сиз күтүп, кыялдангандай эле бекен?

– Негизи телевидение, журналистика жаатында ашканасына аралашмайынча биле албайсың деп коюшат го. Бул жактын ашканасына аралашкандан кийин мен күткөндөй эмес экен. Мен мектепте окуп жүргөндө такыр башкача элес тетип жүрүптүрмүн. Башкача айтканда барам, текстти жазам, экранга чыга калам деген сыяктуу ойлогом. Бирок андай эмес экен. Ошол эле маалыматты элге жеткирүү чоң жоопкерчилик экенин сезесиң. Менимче, мен күткөндөн да татаал болду.

– Билишимче сиз Кусейин Карасаев атындагы БГУнун журналистика факультетин бүткөнсүз. Ал эми журналист болуу үчүн атайын журналисттик билим керек бекен?

– Негизинен билим алуу керек. Ал эми биздин тармакты алганда тыйындын эки тарабы бар десек болот. Шыгым бар, эрким бар деп эле чектелип калбай сөзсүз билим алуу керек. Ошонун негизинде гана ушул тармакты өзүң күткөндөй алып кете аласың. Анткен менен башка эле кесипти бүтүп алып, мыкты журналист болгондор да бар.

– Азыркы Жазгүл менен экрандагы Жазгүлдүн айырмасы кандай?

Самат ЭРКИНБЕКОВ: «Көчөдөн көргөндөр «дүрүдүм» деп калышат»

– Жашоодогу Жазгүл менен экрандагынын айырмасы деле жок. Жашоодо кандай болсом, экранда деле ошондоймун. Болгону экрандан бир аз токтоо, жоопкерчиликтүүмүн. Ал эми жашоодо позитивде көбүрөөк жүргөнгө аракет кылам.

– Жеке жашооңуздан кеп сала кетсеңиз? Турмуш курууну качанкыга пландап жүрөсүз?

– Азырынча жүрөгүмдү багындырган адам чыга элек. Турмуш курууну кудай буюрган күнү деп турабыз. Атайын деле пландоолор жок азырынча.

– Адамда эмне сапаттарды баалайсыз?

– “Адам болуш аста-аста жаман болуш бир паста” деп коюшат эмеспи. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов “адамга күн сайын адам болуу кыйын” деп айткандай күн сайын адамгерчиликтен тайбаган, жоопкерчиликтүү, так адамдарды абдан баалайм.

– Достукка кандайсыз? Сиздин эгизиңиз болсо, аны менен достошо алат белеңиз?

– Достукка бекем элемин. Эгизим болсо, аны достон дагы эң жакын адам катары баалайт элем.

– Өзүңүздү үлгү катары эсептейсизби? Эмнеге?

– Айта албайм улуу эже, агаларыбыздай үлгү болуп жатам деп. Бирок өзүмдөн кичүүлөргө үлгү болгонго аракет кылуудамын. Анткен менен учурда көбүнчө улуулардан үлгү алып жатам десем болот.

– Бала кезде эмнени кыялданчу элеңиз жана анын канчасына жете алдыңыз?

– Бала кезде ырчы болом деген кыялым бар болчу. Балким, ырчы болсом, телеге чыгам деген ой келгендир. Бирок кийин сегизинчи класста окуп жүргөнүмдө, концерттерди алып барып жүргөндө мугалимдер, сен диктор болушуң керек деп калышты. Ошондон баштап, журналист болууну кыялданып калдым. Кийин ЖОЖго тапшырганымда үч окуу жайга өттүм. Алар, КНУнун юридика тармагы, БГУнун филология жана журналистикасы. Журналистикадан башкасы бюджеттик негизде, ал эми журналистика келишим менен. Ошентсе да жүрөгүмө жакын болгондуктан журналистикага окуп калдым. Тигил экөөнө талон күйүп кетпесин деп эле салып койгом. Апам дагы өзүңө жакканына оку деп сунуш кылып калды. Бул бала кезимдеги кыялдарымдын бири эле. Алдыда ишке ашыра турган дагы көп кыялдарым бар. Аларды келечекте ишке ашырам.

Актриса Назбийке: Баарынан баш тартып жолдошум менен айылда жашоого даярмын

– Үйдөгүлөр сиздин кесибиңизге кандай көз карашта? Кыз киши үйдө отуруш керек дегендер жокпу?

– Башында журналист болгондо ар кандай учурлар болушу мүмкүн деп айтып жатышты. Ошол учурда митингдер болуп, журналисттердин колун кайрып кетти, сабап кетти деген маалыматтар көп тарап жаткан. Ошондуктан сени да ушинтип сабап кетет. Сенден айрылып калгыбыз келбейт деген жаман көз караштар болуп жатты. Эми ал учурда журналисттерге бут тосуулар көп болчу. Азыр үйдөгүлөр түз эле көз карашта. Кыз киши үйдө отуруш керек дегендей эмес, карьераны да үй-бүлөнү да бирдей алып кетиш керек деген пикирде.

– Жашоодо баарын жасап көрүш керек деп коюшат эмеспи. Сиз эмнелерди жасаганга эркиңиз жетпейт эле.

– Бардык эле нерсенин чеги менен болгону жакшы. Мисалы мени жакшы көргөн адамга биринчи болуп кадам таштаганга эрким жетпейт деп ойлойм. Анан, албетте, ошол эле баңгизат ж.б. сыяктуу жашоодогу терс нерселерди кыла албайм.

NewTV каналынын диктору Жазгүл МАДИНОВА: Жакшы көргөн адамга биринчи болуп кадам таштаганга эрким жетпейт: 1 комментарий

Комментарии запрещены.