ӨКМ: Жайыл районунда 20 тонна мазут сууга төгүлгөн

ӨКМдин басма сөз кызматы Бишкек-Ош жолунун 200-чакырымында май ташыган автоунаа оодарылып кетип, Суусамыр дарыясына 20 тонна мазут төгүлгөнүн маалымдады.

Маалыматка ылайык, кырсык Жайыл районунун аймагында болгон. Анда унаанын айдоочусу рулду башкара албай калгандыгы айтылууда. Айдоочунун жанындагы адам жабыр тартып, райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда окуя болгон жерде Өрт өчүрүү кызматынын, Патрулдук милициянын жана Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ал эми Суусамыр айыл өкмөтүнө сууга мазут төгүлгөнү билдирилип, элге эскертүү ӨКМ тарабынан эскертилди.