Өзбекстан премьери Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапар менен келди

Өзбекстан республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов бүгүн, 16 августта иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык аны Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Манас» аэропортунан тосуп алган.

Бүгүн,  Бишкекте эки өлкөнүн Премьер-министрлеринин  катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуусу  боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны жана  Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтөт. Жыйындын алкагында Кыргызстан жана Өзбекстан Республикаларынын өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу болот.