Сооронбай Жээнбеков кыргыз-өзбек мамилелеринин активдешүүсүн белгиледи

Бишкекте эки өлкөнүн Премьер-министрлеринин  катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуусу  боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны жана  Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтөт. Жыйындын алкагында Кыргызстан жана Өзбекстан Республикаларынын өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу болот.

Бүгүн 16-августта, Бишкекте Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуусу  боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө.

Жыйндын алдында эки өлкөнүн Өкмөт башчысынын тар чөйрөдө жолугушуусу болуп өттү.

Өкмөт башчы Ташкент-Тамчы түз авиа каттамынын ачылышынын маанилүүлүгүн белгилеп, бул Өзбекстандын жарандарына Ысык-Көлгө ыңгайлуу жетүүгө шарт түзө турганын айтты.

Ошондой эле Сооронба Жээнбеков: «Кыргыз-өзбек кызматташуусун бекемдөөгө багытталган эки жактуу мамилелердин активдешүүсүн белгилөө кубанычтуу. Өкмөттөр аралык комиссиянын акыркы жыйыны 2009-жылы өткөн. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия эки жактуу маселелерди чечүүнүн натыйжалуу аянтчасы”, — деп билдирди.