Бала бакчага айланган аткана, музейге айланган даараткана

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Акыркы 25 жылда “мамлекет” жана “мамлекеттик менчик” десе эле, мамлекетке жана мамлекеттик менчикке мокочо көргөндөй, болбосо, душмандай мамиле жасаган мамлекеттик кызматкерлердин, асыресе өлкөнүн кыймылсыз мүлкүн башкарган жетекчилердин кыянат иштеринен Кыргызстан орду толгус жоготууга учураганы эч кимге жашыруун эмес. Кол тийгис эсептелген билим берүү тармагын алалы.

Быйыл жыл башында, Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында өткөн кылымдын 90-жылдарында өлкөдө 1 696 бала бакча болсо, менчиктештирүүнүн кесепетинен 2010-жылдарга карата анын 691и гана калганы зор өкүнүч менен айтылды. Фактыдан эч кайда буйтап кетүүгө мүмкүн эмес. 1990-жылдардан 2010-жылдарга чейинки аралыкта мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жасалган кыянаттыктан улам, Кыргызстан миңден ашуун бала бакчадан кол жууп калган. Албетте, ал кыянаттыкты сырттан бирөөлөр келип жасаган эмес. Өзүбүздүн эле атка минерлер отуруп алып, душман да барбай турган чечимдерди кабыл алышкан.

Арактан алыстоонун жалгыз жолу – ага тыюу салуубу?

Бала бакчалардын имараты прокуратурага, милиция органдарында, салык мекемелерине берилгени аз келгенсип, Нарындын Ат-Башысында бала бакчанын имаратында мечит ачышканы да белгилүү.

Бул адилетсиздикке 2013-жылдан баштап гана тыюу салынды, чектөө коюлду. Колдо болгон маалыматка таянсак, 2013-жылдан бери 198 бала бакча имараты мамлекеттик менчикке кайтарылган. Бул, албетте, колдоого ала турган көрүнүш. Болбосо, элдин саны өсүп, балдар төрөлүп жатат, табияттын төрөлүү, өнүп-өсүү мыйзамын эч ким токтотуп кое албайт, демек, бала бакчага болгон муктаждык бар. Жаңылбасак, быйыл жыл башында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бир кылым мурда курулган имаратта, тагырагы мурдагы атканада милиция кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылды. Эгер, Караколдо союз учурунда курулган бала бакча имараттары менчиктештирилип кетпегенде, бир кылым мурда салынган эски имаратта бала бакча ачылар беле? Турмуштук парадокс деп ушуну айтат, бирөө ичерге суу таппай жүрсө, бирөө кечерге кечмелик таппай жүрөт деген ушул. Ат-Башыда бала бакчаны мечитке айландырып, текеберленип жатса, Каракол шаарында атканада бала бакча ачууга аргасыз болуп жатат. Мына ушул өңүттөн алганда, Каракол шаардык кеңешинин депутаттарынын шаардык кеңештин кезектеги сессиясында жаңы мечиттердин курулушуна мораторий киргизүүнү сунушташканын түшүнүү менен кабыл алса болот. “Бул маселенин көтөрүлүшү, жеке жерлерге мечиттер салынып кетип жатыптыр. Ошого байланыштуу жана азыркы мечиттер шаар калкына жетиштүү эле деп мораторий киргизүү каралып жатат. Азыркы учурда генералдык пландын концепциясы талкууланууда, аны бекитип алсак жашоочуларга канча бала бакча, мектеп анан ошол эле мечиттер керегин да карап чечип алабыз”, – дептир маалымат каражаттарынын бирине берген билдирүүсүндө шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракунов.

Айтымда, учурда Каракол шаарында 10го жакын мечит бар экен. Илгери, совет бийлиги орногондо, дин өкүлдөрү чиркөөлөрдүн, мечиттердин имараттарында мектеп жана бала бакча ачылганын колдоо менен кабыл алышкан. Атканаларга бала бакча ачкандан көрө мечиттерде, чиркөөдө бала бакча, мектеп ачылганы Кудайга да жага турган нерсе эмеспи.

Эгер, тереңирек карасак, Билим берүү жана маданият да саясат. Коомдук турмуштун бул тарабына кайдыгер мамиле жасаганда жарабайт. Жакында эле Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Токмок шаарындагы №8 мектепте акын Алыкул Осмоновдун музейи мурда даараткана болгон жайда уюштурулганын угуп жакабызды кармандык. Улуу акындын музейин дараатканада ачкандай, Алыкул Осмонов кимге душмандык жасады эле!?

“Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,

Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…

Суугуңду өз мойнума алайын,

Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,

Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…

Азабыңды өз мойнума алайын,

Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка… Жел тийбесин абайла.

Көпкө турбас, мобул турган сур булут.

Бүт дартыңды өз мойнума алайын.

Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!”

Ботаникалык бактын өзү уникалдуу лаборатория

– деп Ата-Журттун ысык-суугун өз мойнуна жүктөп, өзүнө каргыш алган Алыкул эмес беле. Бүтүндөй улут сыймыктанган, улуттук рухтун туу чокусу болгон Алыкул Осмоновдун орду дараатканада болуп калганы чынын айтыш керек, бул улутту шылдыңдагандык, кордогондук менен барабар. Мындай кесепет ишке жол бергендер жумуштан алынып, керек болсо мыйзам алдында да жооп берүүгө тийиш.

Ушул мезгилге чейин улуттук адабиятка, улуттук маданиятка, улуттук билим берүүгө, улуттун келечеги болгон жаш балдарды мектепке чейин тарбиялоо ишине кор мамиле жасалып келди. Мүмкүн, жетишет чыгар. Качанкыга чейин атканага бала бакча ачып, акындын ордун даараткана кыла беребиз?

“Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс кылып” ырдан килем токуган Алыкул Осмоновдун армандуу балалыгы Токмок шаарындагы жетим балдар үйүндө өткөн. Токмок шаардык №8 мектеп жетекчилигинин Алыкулду эскерип, музей уюштуралы деген изги ниетинде маселе жок. Бул маселени бир эле мектеп эмес, Токмок шаарынын мэриясы көтөрсө да аздык кылмак. Арийне, эл аралык Борбордук Азия университети ачылган, өнөр жай борбору аталган тогуз жолдун тоомундагы шаарда кыргыз улуту үчүн Манастан кем эмес таберик болгон Алыкул Осмонов үчүн бир бөлмө табылбаса, анда биздин айтар сөзүбүз өтө кыска. Улуттук адабияттын, улуттук маданияттын кадырын түшүнбөгөн жергиликтүү жетекчилер адамдын деле кадырына жете албайт…

One thought on “Бала бакчага айланган аткана, музейге айланган даараткана

Комментарии закрыты.