Мунара КУДАЙБЕРГЕНОВА: «Кыргыздардын баары сендейби?» – деп сурашат…»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


– Мунара, баланын мектепке чейинки алган таалим-тарбия- сы, уккан-көргөндөрү акыл-се- зимде калыптанып калат экен да, жыйырма жаштан кийин таасирин бере баштайт экен. Ушуга көз карашың кандай?

– Мен буга кошулам. Сурооңуздун төркүнүн да түшүндүм. Мен 1977-жылы Нарын шаарында туулуп, чоңойдум. Үйдүн эң кенжесимин. Атабыз – курулуш инженери болчу. Апабыз – дарыгер-стоматолог. Мага жашоо жана бактылуу балалык тартуулаган ата-энеме абдан ыраазымын. Атам китепти көп окучу, ыр жазар эле. Кечкисин баарыбызды отугузуп алып “Манас”, жомок айтып, ырдап бере турган. Эми ойлосом, ошолор аркылуу бизди элдижерди, эне тилди, эмгекти сүйүүгө, каада-салтты билүүгө үйрөтүптүр. Атамдын китепкөйлүгүнүн, жомокторунун таасириби, байкелерим да, эжелерим да китепти көп окушчу.

Германияда робот кураган кыргыз кыз

– Сенин окуган биринчи китебиң эсиңдеби?

– Эсимде. Анда жети-сегиз жашта болсом керек. Көз байлангыча эшикте ойночубуз. Бир жолу да сырттан келип, эмне кыларымды билбей ары карап, бери карап отургам… Атам телевизор көрүп жатат, байкем китеп окуп отурат. Чоң кишилерге таң калар элем. Себеби, мага оюндан ашкан кызыктуу эч нерсе жок эле да. Бир убакта байкем китебин калтырып, ордунан туруп кетти. Китебин барактасам же сүрөт жок. “Мунун эмнесин карап отурат?” – деп, эки-үч сабын окусам, чындап эле мени өзүнө тартып баратат. Көрсө, “Дүйнө элдеринин жомоктору” деген орусча китеп экен. Жанталашып окуй баштадым. Ошентип, байкем жок кезде китебин издеп, баш көтөрбөй окучу болдум. Аны окуп бүтүп, башкасын издеп калдым. Китеп текчедеги көзүмө жакшы көрүнгөн китептин баарын окуп чыктым. Бирок жана сиз айткандай, менин азыркы жашоомо, экономист-бухгалтерлик, жетекчилик ишиме таасирин тийгизген биринчи китепти да ошол кезимде окудум. Ал Маркстын “Капиталы” болчу.

–  Ага кантип тишиң өттү экен?

– Кайдан өтсүн? Бирин түшүнсөм, бирин түшүнбөй, бирок баары бир: “Кайсы бир жеринде кызыктуу бир нерсе болуш керек”, – деп эле окуй бергеним эсимде. Ошол китеп- тин айрым беттери, айрым сөздөрү, сүйлөмдөрү, жада калса тамгалары али да көз алдымда турат.

– Анда неге дароо экономика тармагын эмес, чет тилдер факультетин тандадың?

– Мектепте окуп жүргөндө көзгө баары жакшы көрүнөт, баарын билгиң, үйрөнгүң келет. 9-классты бүтүп жатканыбызда Нарындагы педагогикалык окуу жайында англис тили, котормочулук бөлүмү ачылып калды. Чет тилди билүүгө жаштардын баары дилгир боло баштаган. Классыбыздан бир канчабыз тапшырып, өтүп кеттик. Ошол кезде Нарынга Америкадан волонтерлор көп келип, ар кандай долбоорлор иштей баштаган. Кайсы бир компанияга котормочу керек болуп, окуу жай тарабынан мени сунуш кылышкан экен, иштеп калдым. Бул да мага чоң сабак, тажрыйба болду. Кийин Бишкектеги Америка университетине өтүп кеттим. Бирок башка окуу жайларга салыштырмалуу контрагы көп эле. Ата-энемди аядым. БГУнун англис тили факультетине келсем, акыркы күн экен, окуу жайын кызыл диплом менен бүткөнүмдүн пайдасы тийип, дароо эле өтүп кеттим. БГУну бүткөн соң ушул эле окуу жайда, анан Кыргыз-орус Славян университетинде, Ата-Түрк университетинде мугалим болуп иштедим.

– Эми англис тили мугалими кантип, кандай жол менен америкалык курулуш компаниясынын Афганстандагы жана Абу-Дабидеги (Араб эмираттарындагы) директорлугуна чейин жетти?

– Бул жол оңой-олтоң болгон жок. Бул баягы кенедей кезимде тырмышып окуган Маркстын “Капиталынан” уланганын айткым келет. Анткени ошол үрөн жан дүйнөмдүн бир жеринде калып калган да, улам өнүп-өсүп отуруп, менин мугалимдиктен – эл аралык компаниянын экономист-бухгалтери, анан директорлугу адистигине чейин алып барды.

Жылкыбай ЖУНУШОВ: “Комузду куштун балапанындай таптап, аздектеш керек”

– Анда ошол орто жолдогу процесс тууралуу? Окуу, иш, карьера менен кошо үй-бүлө, кайын журт, тууган-урук?

– Анда, кайра бир аз артка кайрылалы. БГУда окуп жүргөндө жолдошум Адылга жолуктум. Баш коштук. Батирлерде жашадык. Абдан кыйын күндөр баштан өттү. Кош бойлуу кезимде кара чай, нан менен отуруп калган күндөрүбүз болду. Кээде нанга да жетпей калчубуз. Анткени жолдошум да мендей жаш, дароо эле иш таап кетиш оңой эмес. Бирок экөөбүз тең тырышып, алдыга умтулуп жашадык. Тиги жок, бу жок деген бизде болгон жок. Анан ал акырындап иштей баштады. Эки балалуу болдук. Эми жолдошума, кайын журтума, өзгөчө балдарымдын чоң апасына абдан ыраазымын. Анткени, алар менин улам кайра окуп, билим алуума каршылык кылышкан жок. Апабыз биз кайда көчсөк, ошол жакта бала багып, кошо жүрдү. Эртең менен Ата-Түрк университетине барып, сабагымды өтчүмүн да, ортодогу бош убакытта фитнеске чуркачумун. Себеби, балдарды төрөгөндөн киийн аялза- ты бир аз толот эмеспи. Андан чыгып алып Кыргыз-орус Славян университетине келип, сабагымды өтүп коюп, АГУПКРдин кечки окуусуна – эл ара- лык экономика жана менеджмент адис- тигин алууга чуркачумун. Ошол эле убакта курстарга жазылып алып, бухгалтер адистигин үйрөнчүмүн. Өзүм канааттандырарлык билимге ээ болгондон кийин экономист-бухгалтер катары практика алуу үчүн мугалимдикти таштоого туура келди. Себеби, мен катардагы бухгалтер болуп орношкон “Байтур” эмерек фабрикасында эртеден-кечке отурууга туура келет экен. Анын үстүнө, үйрөнүш үчүн баарын башынан баштоо керек деген принцибим бар. Жетишерлик тажрыйба алып, үйрөндүм. Эми дагы алдыга умтулуш керек. Ошондо Биш- кектеги америкалык бир компанияга корпоративдик-бухгалтер керек экенин окуп калдым. Резюме жиберсем, аңгемелешүүгө чакырышты. Өтүп кеттим. Эл аралык компаниялардын бир жакшы жери – адистин иштегенине, мүмкүнчүлүгүнө, билимине жараша баалап, ошого жараша өсүш берип, ошого жараша маяна төлөп беришет. Ал жерден бухгалтерликтен – жетекчилик, директорлук кызматка көтөрүштү. Ошого карабай, бала кезден Бирик- кен Улуттар Уюмунда иштөөнү самачумун. Айткандай эле резюме жиберип, эки-үч тандоодон жана тестирлөөдөн БУУнун Наркотика жана кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын бөлүмүндө иштеп калдым. Көп нерсени үйрөндүм.

– Оңой эле өтсөң керек?

– Тестирлөөгө барганымда, мен ойлогондой эки-үч эле адам эмес, канчалаган адистер күтүп алышты. Ал жерде тандоо процесси ушунчалык күчтүү экен. Бирок жакшы өттүм. Ошентип, финансы боюнча ассистент деген жумушка келдим. Андан ары мурунку компанияга кайра да чакырышты. Ал жакта директор болуп иштедим. Андан ары америкалык курулуш компаниясына – азыркы ишиме кеттим.

– Кантип?

– Афганстанда иштеп жүргөндө чогуу иштеген кесиптешим вакансия бар экенин айтып, резюме жиберүүмдү сунуш кылып калды. Резюмемди жиберип, скайп аркылуу Афганстандагы, анан Америкадагы жетекчилердин сынагынан өттүм. Жакканы – америкалык компанияларда коррупция, трайбализм деген жок. Кандай иштесең, ошого карап баалашат. Акыны да ошого жараша төлөп беришет. Ошол эле убакта алар сен аркылуу кыргызды таанышат. Кээде: “Кыргызстанда баары англисче сүйлөй алабы? Кыргыздардын баары сендейби?” – деп сурашат. Ансайын элимди жакшы жагынан таанытууга аракеттенем.

– Кандай жакшы. Үй-бүлөң бул жакта да?

– Ооба, бат-бат келип турам. Жолдошум, балдарым каникулда, эмгек өргүү убагында мага барышат. Чогуу эл кыдырып, жер кыдырып, эс алып келебиз. Мени атам ар дайым: “Канча тил билсең да өз тилиңде сүйлө”, – деп колума кыргызча китептерди карматып коёр эле. Салт-санааны, тилибизди, кайын журтка жана урук-тууганга, төркүнгө мамилени кадимкидей, нукура кыргызча жасайм. Чет өлкөдө болсо, кесиптештериме Кыргызстан жана кыргыз эли тууралуу түшүнүк, маалы- мат бергенди жакшы көрөм. Сүйүп, таң калып угушат.