Президенттен белек алган окуучу

Ош шаарындагы №9 А.Рудаки атындагы мектеп-гимназиясынын 3-классынын окуучусу Эльнура Эсеналиева президент Алмазбек Атамбаевден туулган күнүнө аквариум белекке алды. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агентиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Президенттин атынан белекти окуучу кызга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырып,  Эльнура мектептин алдыңкы окуучусу экенин белгилеп, ага ийгилик каалады.

Кыздын энеси Эльмира Эсеналиеванын айтымында, июлдун этегинде кызы телевизор көрүп отуруп, Президентке кат жазып, 13-август туулган күнүнө белек суроону сунуштаган.

“Кызым катында Президенттен балыктары бар аквариум белекке сураган. Ал мага кат жазып берип, мен аны жөнөтүп жибергем. Биз президентибизге белеги үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз, кубанычымда чек жок”, — деп бөлүштү кыздын энеси.