Бишкетин айрым жерлеринде газ убактылуу өчүрүлөт

17-18-августта оңдоп-түзө иштерине байланыштуу Бишкектин айрым райондорунда газ өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-августта Төкөлдөш конушунун Октябрь, Армейская, Путепроводная көчөлөрүндө; 18-августта Гагарин, Ш.Руставели, Балтагулов, Славянск жана Тынчтык проспектинин чектешкен жерлеринде газ берилбейт.

Муну менен бирге, Чүйдүн айрым райондорунда газ өчүрүлө турганы маалымдалган.