А. Арипов: Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны ийгиликтүү өтөрүнө ишенем

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны ийгиликтүү өтөрүнө ишенем. Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кыргыз-өзбек эки жактуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкектеги жыйынында билдирди.

Кыргызстан — Өзбекстандын жакынкы коңшусу, ишенимдүү жана узак мөөнөттүү өнөктөшү экенин баса белгилеген өзбек Премьер-министри, Өзбекстан конструктивдүү, өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экени билдирди.

“Тар чөйрөдө биз жыйынтык документте карала турган бардык жагдайларды талкууладык. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелер боюнча эч кандай суроо жок. Мен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны ийгиликтүү өтөрүнө ишенем. Биз өз ара ыңгайлуу макулдашууларга жетишебиз”, — деди Арипов.