17-августка карата аба ырайы

17-августта өлкө аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +14…+19, күндүз +21…+26;

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;

Ал эми, Бишкекте 17-августта өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +24…+26 градуска чейин көтөрүлөт.

Булак: «Кыргызгидромет»