Өмүрбек Текебаев сегиз жылга эркинен ажыратылды

Кечээ, 16-август күнү Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда чечим чыкты. Сот экөөнүн тең мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратты. Чечим Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Белгилей кетсек,Текебаев менен Чотоновго коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча айып тагылган. Текебаевдин жактоочулары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрыла турганын билдиришти.