Садыр Жапаров 28-майга чейин абакта калтырылды

Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Садыр Жапаровду 2017-жылдын 28-майына чейин Бишкек шаарындагы тергөө абагында калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартында улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Казакстандан Кыргызстанга кирген жеринен Кылмыш-жаза кодексинин 4 беренесине ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

2017-жылдын 26-мартында Садыр Жапаровго КР Кылмыш-жаза кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренелери боюнча айып тагылып, Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө аяктаганга чейин камакка алуу чечими чыгарылган.