Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкер катары катталды

БШК тарабынан талапкер катары каттаган «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариевге утурлай эле кечээ 16-августта КР президенттигине талапкерлигин коюп, арыз берген «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов БШК тарабынан талапкер катары катталды.

Ө.Бабанов мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүп, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүп, талап кылынган 30 миңден ашык кишинин колу коюлган тизмени тапшырган.