Кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырымын бекитүүгө макулдашылды

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 1170 чакырым такталган чек араны бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлду. Бул тууралуу мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйындын жыйынтыгында маалым болду.

Маалыматка ылайык, аталган документтерге жакында Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Өзбекстанга барганда кол коюлуусу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча сүйлөшүүлөр жети жылга уланган. Ал эми акыркы бир жылда эле тараптар он беш жолу чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.