Түштү Кореянын Президенти Мун Чже Ин: Корей жарым аралында согуш болбойт

Корей жарым аралында согуш болбойт деп билдирди Түштү Кореянын Президенти Мун Чже Ин. Бул тууралуу Ренхап агентиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык,  Түштүк Корей Президентинин билдирүүсүндө АКШ колдонуп жаткан коркутуулар Түндүк Кореяга басым жасоо үчүн керек. Бирок бул ишке ашырууга өтүү дегенди билдирбейт. Президент Түндүк Корея үчүн «кызыл сызык» — атомдук куралды жасоо болуп эсептелет. Түндү Корея бул «кызыл сызыкка» жакындап калды деп жеткирет Президенттин сөзүн аталган агенттик.

Эскерте кетсек, Түндүк Корея июль айларында баллистикалык ракеталарды сыноодон өткөргөндөн кийин АКШ менен мамилеси болуп көрбөгөндөй чыңалган болчу. Ал эми АКШнын Президенти Дональд Трамп, эгерде Түндү Корея АКШга карата опузасын токтотпосо, көргүлүктү көрсөтө турганын билдирген болчу.