Бир табак талканга сатылган кыздар жана азыркы ай-чолпондор

1916-жыл кыргыз элинин тарыхындагы эң бир кайгылуу, кандуу жылдардын биринен болуп калды. Анткени ушул жылы миңдеген адамдар каза табышкан. Он миңдеген адамдар ата-бабасы укпаган-көрбөгөн чет жерге тентип кетишкен. Жолдо агыны катуу суудан аккан, аскасы бийик тоодон учкан. Ачкалыктан, оорудан жаш наристелер, кары-картаңдар кырылышкан, ит-кушка жем болушкан. Үркүн окуясынын 100 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин эки жарлыгы чыккан эле. Бул маанилүү иштен четте калбай, көптөгөн архивдик материалдардын жана Үркүнгө катышкандардын эскерүүлөрүнүн негизинде 2016- жылы “Кызыл кыргын, кандуу кармаш” деген романды, “Улуу Үркүн. 1916-жыл” деген публицистикалык китепти басмадан чыгардым. Адабиятчылар, тарыхчылар, кийинки муундар, жалпы эле бул кандуу окуяга кайдыгер карабаган атуулдар Үркүн окуясын кеңири түшүнүп калсын деген максат менен китептерди Кыргызстандын бардык райондоруна, айылдарына почта аркылуу жиберген элем. Бул китептер орус тилинде жана Анкара шаарында түрк тилине да которулуп, басмадан жарык көрдү.

Албетте, 25 жылдан бери “Үркүн” окуясын архивден изилдеп, жазуучулардын, улуу инсандардын чыгармаларын, эскерүүлөрүн окуп жүрүп, мурда чет-жакасын угуп жүргөн кайгылуу окуялардын далилдүү фактылар менен жазылганын бир китептен окуп калып, мекендештериме ошол китептеги айрым окуяларды билдиргим келди.

Быйылкы жылы, 1939-жылы 10-сентябрда Кытай Эл Республикасынын Синцзянь Уйгур автоном районунун Иле казак автоном облусундагы Текес ооданынын Көк-Терек айылындагы Марал-Таш кыштагында чарбачынын үй-бүлөсүндө туулган, Кытайлык кыргыз жазуучусу Жунус Жумадыл уулунун “Ала-Тоо көз жашы” деген китеби колума тийип калды. Китеп эки китептен турат. Экинчи китеби “1916-жыл. Үркүндөгү укмуштар” деп аталат. Аты айтып тургандай Үркүндөгү болгон, адам ишенбей турган кандуу, кайгылуу, укмуштуу окуялар жөнүндө айтылат.

Автор ал окуяларды өз көзү менен көргөн, өз баштарынан өткөргөн адамдар менен бетме-бет сүйлөшүп, алардан уккандарын же мурда кагазга түшкөндөрүн китепке кийирген экен.

Башкалардын колуна кеткен балдар

Улуу Үркүндө калмактар булап (талап-М.Б.) кеткен балдарга калмакча ат коюп, ата-энесин сагынып ыйлагандарды коркутуп, итке талатып, калмакча сүйлөгөнгө мажбурлайт экен. Кийин, 1944-жылы Иле, Тарбагатай, Алтай үч аймакта көтөрүлүшчүлөр жеңишке жетишкенде, ошол жердеги кыргыздын аттуу-баштуу карыялары: “1916-жылкы Үркүндө калмактар булап кеткен кыргыздын балдарын, кайтарып бергиле”, – деп доо коюшат. Ал эми калмактар: “Биз балдарды бактык, кыргыздар акысын төлөп берсин”, – деген талапты айтышат. Ал жердеги кыргыздар ага да макул болушат. Бирок калмактар баягы сөзүнөн жанып: “Төлөм албайбыз, балдарды да бербейбиз”, – деп чатак чыгарышат. Окурманга толук түшүнүктүү болуш үчүн китептен үзүндү берүүнү туура көрдүк.

“…Бул доо бир жылдай созулат. Анткени ошол кездеги Моңгулкөрө ооданынын негизги башчылары Ошурамбал баштаган монгулдар эле. Эң соңунда калмактар мындай шарт коюп туруп алышат. Ал шарты: “Балдарды ортого тизип коюп, кыргыз, калмак болуп эки жакта туралык. Балдар силерге барса, силер алгыла, бизге келсе биз алабыз”, – деп көшөрүп жолсуз шарт коёт. Кыргыз аксакалдары амалсыздан шартка көнүшүп, кыргыз, калмак болуп эки жакка бөлүнүп турушат. Кыргыздар жакта кыргыз аксакалдарынан, башка аялдардан, балдарга чейин келишип казганактап турушат. Кээ бир жашанган эр-аялдар: ”Оо, кудай, балдарыбыздын баары келгей”, – деп Кыбыла жакка карап тилек тилешип турушат.

Бул 1945-жыл болуп, балдардын алды 30га жакындап калган эле. Кээ бирөөлөрү 40 жашка жакындап калышкан. Эки жакта казганактап турган элдин көзү калмактар булап кеткен балдарда эле. Балдардын көбүнө моңгулча кийимдер кийгизилген, кээ бирөөлөрү тон-жаргак шым кийишип, кычышкан жерлерин тырмап коюшат. Калмактар балдарга кандай кийим кийгизсе да, эки беттери сары-кызыл тартып, бүт боюнда кыргыз каны бар экендиги айкын эле билинип турган.

Балдарды чакыруу башталат. Кыргыздар: “Келегой, балам”, – деп чакырса, моңгулдар моңгулча чакырат. Адегенде тизилген балдар тобунан эч кайсысы төмөн карашкан бойдон эки жакка бир да бала чыкпайт. Кыргыздын абышкалары: “Силер кыргызсыңар, биз силердин ата-энеңер болобуз”, – деп жылуу чырай билдиришсе да бир-бирине карап араң дегенде эки-үч бала кыргыздар жакка өтөт. 5-6 бала моңгулдар жакка өтөт. Моңгулдар моңгулча кулдураганына кыргыздар катуу нааразычылык билдиришип, кыйкырышып чуулдап кетишет. Өкмөттөн коюлган калыс адамдар нааразычылыктарды араң басып, эки жактын чакыруусу улана берет. Натыйжада, баш-аягы 7 бала кыргызга келет да, калган 23 бала моңгулдарга кетет…”

Адам баласы көтөрө алгыс кандай гана оор кайгы! Ата-энеден ажыраганы аз келгенсип, ага-туугандан, элжурттан бөлүнүп, жан багыштын, өлбөй тирүү калыштын айласын кылып, бөлөк улуттун тилин үйрөнүп, дилин бузуп, башка динге өтүп кетиш кандай кыйын. Албетте, мурдагы көзү өткөн карыялардын айтышына караганда калмактын колуна түшүп, аргасыз алар менен өскөн айрым балдар өздөрүн “кыргызбыз” деп айтып жүрүшкөн экен. Мунусуна да шүгүр дейли. Мындай жагымсыз окуя экинчи кайталанбаса экен деп тилек кылганыбыз жөндүү. Дагы бир айта кетүчү нерсе, акылы тунук, турмуштук тажрыйбасы мол карыялардын кат сабаты жок болсо да, адам баласынын керт башы баа жеткис байлык экенин туюп-билип, бөлөк элде, бөлөк жерде колдорунун келишинче улутубуздун укугун талашып, кыргыз элинин санынын өсүшүнө тырмактын агындай болсо да салым кошушу, 7 бала болсо да кыргыз элинин катарына кайрып келиши, колдоп-кубаттай турган нерсе эмеспи.

Тагдырдын буйругу менен жүз миңден ашык мекендештерибиз Үркүндө бейкүнөө кырылып калбадыбы. Элибиздин катарына жети бала кошулса да ошого канагат кылалы. Алардын укум-тукумдары бүгүнкү күндө, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ондоп-жүздөп өсүп жаткан чыгар.

Атаганат, азыркы билимдүүлөр, билермандар, бийлик ээлери керт башынын эле кызыкчылыгын көздөбөй, ошол карапайым карыялардай ой жүгүртүп, бүткүл аракетин, жөндөмүн жумшап, кыргыздын санынын көбөйүшүнө, кыргыз элинин өсүп-өнүгүшүнө, дүйнөдөгү маданияты жогору, экономикасы өнүккөн, күч-кубаттуу мамлекеттердин катарына кошулушуна колунан келген салымын кошуп турса гана!

Бир желпирин* табак талканга сатылган кыздар

Автор апасынан уккандарын минтип жазат: “…Ал жомокко келсек, жогоруда эшекке талкан арткан кара сакал дунгандар пайда боло баштаганын айтпадыкпы? Качкан эл кыш ортосу ооп, ачарчылык азабында кыздарын сата баштаган. Апам маркум: “Кудай анын көзүн ары кылсын, кара сакал дунгандын эшектерин 20-30 кыз тегеректеп “мени ал, мени ал” деп жалынып турганын көргөнүмдө деп, көзүнөн жашын төгүп ыйлап, мындай уланта сабактап, өлүгүңдү көрөйүн, кара сакал дунган, чала-була тили менен колунун башмалдактарын көрсөтүп: “Алты, жети жаш, эң чоң болсо, 13 жаш, болмаса алмайды”, – деп чалкалады. Ушул кезде эки кызын жетелеген бир качкын киши: “14-15 жаш кыздарчы?” – деп сурады эле. Ал дунган чала-бучук тили менен “чоң болсо, кашып кетеди, мал болмай кетеди” деди. Жана бир киши: “4-5 жаш кыздарчы?” – деди эле, эшегин көрсөтүп, “бирге жүрө алмай калады” деп азыраак казакчаны аралаштыра сүйлөп угузду.

Кызынын жашы кара сакал дунган айтканга толгондор сата башташты. Ал дунганда жыгач табак кайдан болсун, кичирээк подностой темир табагы бар экен, “бир кыз – бир табак ун же талкан” деп кудум кызып кеткен мал базарындай, барылдаган үнү менен кыйкырып жатты. Баягы эки кыз жетелеген кишинин бир кызы 8 жашта экен, бир кичинекей темир табак унга сатты. Жанындагы кызы: “Айты эже, кайда барасың, мен да барайынчы” деп ыйлап кала берди. Айты эжеси болсо, артын кылчак-кылчак карап, көзүнүн жашын көлдөй агызып, дунгандын суук колунда жетеленип кете берди. Баягы киши беш жашар кызын бир колунда жетелеп, бир табак ун бир колунда, үйүн көздөй жөнөдү…”

Автор 1959-жылы Шинжаң институтун бүтүрүп, Иле Мал чарбачылык техникумунда мугалим болуп иштеп тургандагы бир окуяны минтип жазат: “… Жекшемби күнү эрте эле уйгурча сүйлөгөн эки дунган бала издеп келишти. Аларды эжелер жибергенин билип ээрчип бастым. Шаардын Мойну кесик деген жериндеги дунгандар көчөсүндөгү чоң дарбазалуу короо ичиндеги үйлөрдүн чоң сарайына баштады. Эжелер жана дунган жезделер менен аман-салам кылышып, чай ичип отуруп, маектештик. Алды менен чоң эже сөз баштап, “менин кыргызча атым – Сара, азыркы дунганча атым – Майүлө, жанында отурган чокчо сакалдуу кишини көрсөтүп, бул киши жолдошум болот, 6 балам бар. Биз ошол Көк-Теректин Марал-Таш деген жеринде кыш кезинде эле, дунгандарга көп кыз сатылып, Тогуз-Торо ооданына келгенден кийин булардын аталары бизди алардан алып (сатып алдыбы же башканы билбедим) Кулжага алып келип, бул сиңдим экөөбүздү эки үй багып алып, бир нече жылдан кийин бул киши менен баш коштум. Ошол кезде мен 12-13 жашта элем, сатылган кезде катуу ыйладым. Канча ыйлап какшасак да, айтор, аман калганга шүгүрчүлүк кылам”, – деп келип, “ырас эле, бул сиңдим экөөбүз Марал-Ташка 2-3 жылда барабыз. Кандайдыр ата-энебиз ошол жерде бардай сезебиз. Ошондой барып жүрүп, сиздин атаңыз, энеңиз менен таанышып, ал кишилер кудум өз кыздары келгендей кубанып: “О-оой, баягы 1916-жылдагы чоң мунытта сатылган кыздар турбайбы? Ал кездеги кыргыз элинин башына түшкөн кайгы-муң кайта келбесин, качкындын (Үркүндүн – Б.М.) келерки жылдагы 5-айларында орус аскерлери келип кайра айдап кетти. Ошондо ата-энеңер кеткен болсо керек” деп аңгемелеп бергенин укканда, ата-энебизди көрбөсөк да, ордуна келип жоктогондой болуп калчубуз…”

Автор кийин деле дунгандарга бир табак талканга сатылган эжелерибиз менен жолугуп, алардын эл-жерге болгон кусалыгын, көргөн азап-тозокторун, муң-кайгысын өз ооздорунан уккан экен. Бул автордун көргөн-билгендери. Ал эми автор билбеген, укпаган канча кандуу, кайгылуу окуя болбоду дейсиз. Канчалаган көз жаштар агып, элди ый-муң, кайгы аралап, адам адамдыгынан гана көтөргөн тозокко тете күндөрдү баштарынан өткөрбөдү дейсиз. Булар жөнүндө эч унутууга болбойт. Кийинки муундарыбыз биле жүргөнү, эстей жүргөнү дурус!

Дагы бир айта кетчү нерсе, турмуштун кыйынчылыгын, иштин жоктугун, нан табуунун, жашоонун аракетин, өйдө-төмөнүн шылтоо кылып, билимдүү, жөндөмдүү айчолпондой кыздарыбыздын өздөрү ичип-жебей, “балдарым, кыздарым” деп, он жыл окутуп, он сегизге чейин тарбия-таалим берип баккан, жогорку билимге жеткирген ата-энесинин эмгегин актабай, ата-бабасы көрбөгөн чет жерге, ар кайсы улутка турмушка чыгып кетип жаткандыгы өкүндүрөт (Ал жактын абалын деле угуп жүрөбүз).

Өз жеринде, өз элинде өзү теңдүү бирөөгө турмушка чыгып, туштугуна, жөндөмүнө жараша кызматын кылып, ак уул, кызыл кыз төрөп, энелик асыл милдетин аткарып, балканактай уулун алдына алып эмизип, бешенесинен нур төгүлүп балкып отурса, очор-бачар болуп, кыргыздын санын көбөйтүп, жашоонун тагдырына жазган азбыкөппү ыракатын көрүп, ата-энелеринин маңдайында болсо, ошондон өткөн бакыт бар беле?!.

Элибизде: “Бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиңде ултан бол” деген сөз бекер айтылбаса керек. Бөлөк эл, бөтөн жерде “май көл, сүт көл “ жаратып койсо да, алтын уя, асыл жер, Ата Мекенибизге эмне жетсин!

“Манас” эпосунда “Кыр жагыңда кытай бар, капталыңда кангай бар” деп айтылгандай, курч кылычтын мизиндей ойкуп-кайкып турган опурталдуу бул заманда, алыс-жакын өлкөлөрдүн калкынын саны 30-80 миллион, жакынкы коңшубуз Кытай өлкөсүнүн калкы 1 миллиард 380 миллиондон ашып турганда, ар бир кыргыздын атуулу 6 миллион калкыбыздын келечегине ой жүгүртүп, кыймыл-аракетке келбесек, сөздүн ачыгын айтпасак да, Калыгул олуя бабабыз айткандай, арты кандай болору бүдөмүк, туугандар!

* Күйшөгөн таруу, арпа же буудайды, желге сапырып, кабыгын, чөп-
чарын ажыратууда пайдалана турган жыгачтан жасалган жеңил
идишти желпирин табак дешкен.

Бактыбек МАКСҮТОВ, “Айкөл Манас баяны” фондунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты