Тоодон кулаган турист ооруканада

Испаниялык турист тоодон кулап, денесинен жараат алып Ош облустук ооруканасына түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 57 жаштагы чет элдик жаран 16-августта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы тоодо кырсыкка кабылган. Ал учурда Ош облусунун травматология бөлүмүндө дарыланып жатат.