Тескемени тоготпогондор

2022-жылдын 31-январында КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун №37-т буйругуна ылайык, бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана мамлекеттик тилди жайылтуу, атамекендик басылмаларды колдоо, ошондой эле жазылуу өнөктүгүн уюштурууга көмөк көрсөтүү максатында республикалык бюджеттен каржылаган мамлекеттик аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмалар берилип, тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Админис-трациясынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлгөн болчу. Азыркы күндө гезиттерге жазылуу өнөктүгү “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Тилекке каршы, аймактарда, баш калаабызда КРнын Министрлер Кабинетинин тескемесин тоготпогон, бирдиктүү мамлекеттик саясатты колдобогон мамлекеттик аткаруу бийлиги жок эмес, бар. Албетте, ушунун өзүн КРнын Президентинин, Министрлер Кабинетинин өлкөбүздө жасап жаткан реформаларына кайдыгерлиги деп түшүнүүгө болот.

Маселен, гезитке жазылуу боюнча катыбызга, Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын муниципалдык администрациясынын аппарат жетекчиси Салмурбек у.А: “2022-жылдын 2-жарым жылдыгына акча-каражаты бюджетте каралбагандыгына байланыштуу жазылууга мүмкүн эмес экендигин билдиребиз” деген жообун биздин редакциябызга билдирди. Мындай каттар “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасына, биздин редакциябызга көп келе баштады. Эмне үчүн КРнын Министрлер Кабинетинин тескемеси аткарылбай жатат? Эмне үчүн маалыматтык саясатты жергиликтүү бийлик колдобой жатат? – деген суроо туулат.

Балким, биздин көйгөйлүү сурообузга КРнын Министрлер Кабинети жооп алып берер деген үмүттө кайрылып жатабыз.

Шекербек КАЛЫКОВ

0 Поделились