“Реал Мадрид” Испаниянын Суперкубогун жеңип алды

Мадриддик “Реал” Испания Суперкубогу үчүн оюнда “Барселона” менен беттешип, жеңүүчү болду. Мадридде өткөн жолугушуу 2:0 эсебинде аяктады.

Марко Асенсио жана Карим Бензема топ киргизишкен.

Ал эми оюнда арбитрди түрткөнү үчүн чабуулчу Криштиану Роналду 5 оюндан чететилди.

Ушуну менен “Реал” 10-жолу Испания Суперкубогун жеңип алды.