Оюн-зоок жайларына чет өлкөлүктөр гана кире алышат

22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Мыйзам долбоору үчүнчү окуудан кийин добушка коюлуп, 59 депутат “макул”, 7 депутат “каршы” добуш беришти. 5 депутат добуш берген жок.

Парламенттин басма сөз кызматы тараткан пресс-релизде “Мыйзам долбоорлору инвестицияларды тартууну стимулдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан. Долбоорго ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын аймагындагы оюн-зоок жайларынын ишинин, оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздери, негизги түшүнүктөр, оюн-зоок жайларын түзүүнүн жана күтүүнүн тартиби, кумар оюндарын уюштуруу жана аны лицензиялоо, кумар оюндарын уюштурууну жана өткөрүүнү контролдоо жана оюн-зоок ишинин субъекттеринин жоопкерчилиги аныкталган.

Кыргыз Республикасында кумар оюндары лицензияланган ишкердиктин түрү болот жана лицензиялар акы төлөнүүчү негизде берилет. Долбоордо лицензиялык төлөө өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети аныктоосу сунушталган” деп айтылат.

ЖКдагы талкуу жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин өкмөт 123 млрд. сомдук антикризистик пакет кабыл алганын белгилей келип: “Анын ичинде оюн-зооктон каражат алабыз деген эсептөөлөр менен келип, сиздердин алдыңыздарда отурабыз. Эртерээк мыйзам долбоорун колдоп берсеңиздер, быйыл 1 млрд. сомдон 2 млрд. сомго чейин киреше алабыз. Казиного уруксат берүү мыйзам долбоору кабыл алынып калса, чет мамлекеттин жарандары гана паспортун көрсөткөндөн кийин казинонун кардары боло алышат. Мыйзам бузуулар болсо, казино ээлери жоопкерчиликке тартылат. Кыргыз жарандарына кирүүгө тыюу салынат. Оюн-зоок жайларга  кирүү үчүн паспорт менен биометрикалык көзөмөл жүргүзүлөт”, – деди.

Депутат Д.Бекешев сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунан онлайн казино жана оюн автоматтарын алып салуу сунушу колдоо таппай калганына кыжалат болуп, чет өлкөлүктөр гана эмес, Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле балдар да онлайн казинолордун кардары боло алышат деген күдүк оюн айтты эле, А.Жапаров IT-адистери КР жарандарынын онлайн казиного катышуусун көзөмөлдөөгө, ошондой эле 18 жашка чыга элек балдардын кумар оюндарына катышуусуна тыюу салууга мүмкүндүк берүүчү механизмдерди киргизүүнүн үстүндө иштеп жатканын  билдирди.

Парламенттеги талкууда айрым депутаттар эгер кризис болбосо, айлыктар көтөрүлүп жатса, эмне үчүн экономиканы турукташтыруу жөнүндө сөз болуп жатканына кызыкса, дагы бири бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, КР жарандарынын казиного катышуусун көзөмөлдөөнүн инструменттери боюнча суроо беришти.

Көпчүлүк депутаттар Министрлер Кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун колдоого алышты. Депутат Арсланбек Малиев кумар бизнеси инвесторлорду тартууга, жумуш орундарын түзүүгө, калк-тын кирешесин көбөйтүүгө шарт түзгөн факторлордун бири экенин баса белгилеп, андан түшкөн каражатка Ысык-Көлгө ФАП жана мектеп курууну сунуштады. “Мыйзам долбоору экономикалык мүнөзгө ээ» экенин баса көрсөткөн Балбак Түлөбаев бул маселени саясатташтырбоону суранды. Депутат Эмил Жамгырчиев КР жарандары оюн жайларынын кардары болуп калбашы боюнча кепилдик берүү маселесин көтөрдү.

“Оюн-зоок иши жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча кыргызстандыктар казиного киришине жол берилбейт. Казинолор чет өлкөлүктөр үчүн гана иштейт. Мыйзам долбоору иштелип, мурдагы каталыктар эске алынган. Эгер кыргызстандыктар кумар оюн-зоок жайларына кирсе, ошол казинонун лицензиясы жокко чыгарылат жана жабдуусу конфискацияланат.

Айтымда, эгер казинолор ачылса, 12 миң киши жумуш менен камсыз болот. Бул жылы 1-2 млрд. сомдун тегерегиндеги акча, эмки жылдан андан көбүрөөк акча мамлекеттин бюджетине түшө баштайт.

УКМКнын башчысы айрым депутаттар мыйзам долбоорун талкуулоодо динге жамынганына катуу сын айтып: “Биз да намаз окуган адамдарбыз. Бирок ошол эле учурда ким динге жамынып алып, эмне иш кылып жатканын да билебиз. Мен кимдин акча алмаштыруу жайы бар экенин, ким акчаны канча пайыз менен берип жатканын билем. Араңарда суткалап казинодон чыкпагандар эми динге жамынып отурат” – дегенинде чындык жатат.

Мамлекеттин кызыкчылыгы деген жерде динди жана башка шылтоолорду бетке кармаган туура эмес.

Диндин жөнү бөлөк. Динди деле ашыкча кармана берсе, анын деле кумардан айырмасы кайсы? Үй-бүлөсүн ачка таштап, алты айлап даваатка кеткендер жокпу? Даваатка барабыз деп, алды Бангладеш, Пакистанга кетип, арты республиканы кыдырып, же үй тирилигинен жок, же үй-бүлөдөн жок жүргөндөр азбы?

Депутаттар эл өкүлү, ошол эле учурда мыйзам чыгаруу бийлигинин да өкүлү. Биз элге «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзамдын канчалык зарылдыгы жөнүндө туура түшүндүрүп, эл да муну туура кабыл алышы керек.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

0 Поделились