ТүркПА Түрк өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясы болуп өзгөрдү

Бүгүн, 24-июнда Чолпон-Ата шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын 11-отуруму болуп жатат. Ага Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Венгрия, Түркменстан жана Кыргызстан катышып жатат.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына мүчө-өлкөлөрдүн парламенттеринин башчылары уюмдун XI пленардык жыйынынын жүрүшүндө ТүркПАнын аталышын Түрк өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясы деп өзгөртүү чечимин кабыл алышты.

Ошондой эле, уюмдун жаңы желеги жана логотиби кабыл алынды.

0 Поделились