Ташкентте бир топ киши Жогорку соттун имаратына күч менен кирип барды

15-августта Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасы менен жолугушууга жазылган 400дөй жаран ысыкта көпкө күтүүдөн жадап, дарбазаны түртүп сот имаратынын короосуна кирип барышты. Бул тууралуу «Борбордук Азия жаңылыктар кызматы» кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун кызматкерлери жарандарды бир нече саат күттүрүп койгондуктан, алар бул кадамга барууга аргасыз болгону айтылат.

Көп саатка созулган кезекке туруу – адатка айланып бара жаткандыктан, жарандар көчөдө эс-учун жоготуп коюп жаткан фактылар катталган. Ошул эле күнү “тез жардам” чакырууга аргасыз болушкан.

“Азаттыктын” өзбек кызматына белгилүү болгондой, жаалданган кишилердин бири дагы Жогорку соттун имаратына зыян келтирген эмес. Айрым күбөлөрдүн айтымында, чогулган топ дарбазанын кулпусун сындырып ичкери киришкен. Бирок кээ бири кулпу өзү ачылганын белгилешүүдө.

Өзбекстандын Жогорку сотунун иш тартибине ылайык, төрага Козимжан Камилов жарандарды айына эки жолу гана кабыл алат.