Ысык-Көлдөгү мөндүрдөн жабыркагандарга жардам берүү жолдору каралат

Түп районунда табияттын кырсыгынан жалпысынан 488,7 гектар айдоо аянты үзгүлтүккө учураган. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев мөндүрдөн зыян тарткан аймактырды кыдырып, дыйкандар менен жолугушкан. Жолугууда дыйкандар министрден жардам кылууну суранып, кийинки жылга будай, арпа үрөнү менен камсыз кылууну өтүнүшкөн.

Министр өз кезегинде бул маселе каралбай калбастыгын билдирип, Өкмөткө кайрылып жардам бериле турганын айткан.