Барселонада адам өмүрүн алган теракт болду

Кечээ, 17-августа Барселонанын борбордук көчөсүндө кичи автобус жай тургундарды тебелеп кеткен. Бул туралуу РИА Новости билдирди.

Автоунаа Рамбла районунда жөө адамдар жүрүүчү жолго чыгып элди тебелеп, айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен.

​Полиция бул окуяны теракты деп атады. Жабыркагандар боюнча так маалымат айтыла элек. Бирок 13 адам каза болуп, 20дан ашык адам жаракат алганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты. ​

Учурда окуя болгон жерди полиция курчоого алып дүкөн, метролор жабылган.