Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек ОРМОКОВ: «Жалал-Абад шаарынын заманбап калаа болууга мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү»
Мындан 5-6 жылдар мурда Жалал-Абад шаардык мэриясы, шаардык кеңеши партиялык көз караштардын кайчы пикиринен улам, саясий тирешүүнүн ордосуна айланып, бюджет убагында кабыл алынбай, бир топ эле кыйын кырдаал түзүлгөн. Андан калса, облустун борбору катары Жалал-Абад шаары социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүдө башка аймактарга үлгү болорлук кадамдарга барышы керек болчу. Бүгүнкү күндө шаардык мэриянын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын бир пикирге келип иш алып баруусу, албетте, буга чейин ондогон жылдардан бери көтөрүлүп келген маселелердин чечилишине шарт түзүп жатыптыр. Шаардык кеңештин депутаттарынын ишенимине ээ болгон Жалал-Абад шаарынын мэри Ормоков Эрнисбек Абдижалиловичтин иш билгилиги жамаатта ынтымак-ырашкерликти арттырып, купулга толорлук иштерди алып барып жатыптыр. Анда эмесе шаардын мэри Эрнисбек Абдижалилович менен болгон маегибизге назар салыңыздар.
– Эрнисбек Абдижалилович, Жалал-Абад шаарынын жетекчиси катары сизде эки эселеген жоопкерчилик болсо керек. Анткени, шаар облустун борборунда жайгашкан. Жогорку даражалуу чет элдик өкүлдөр көп келет. Демек, келген адам шаардын ички-тышкы абалына көңүл бурары талашсыз. Сырттан келген адамга Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүндө автоунаа тыгыны сөзсүз маселе жаратат. Мына ушул маселени чечүүнүн жолдору барбы?
– Туура айтасыз, Жалал-Абад шаарынын облустун борбору катары анын инфратүзүмдөрүнүн замандын талабына жооп бере турган шартта кармап турууга болгон аракетибизди жасап жатабыз. Негизи шаарыбызга кирип-чыккан жарандарыбыз көп. Кошуна райондордун тургундары биздин шаарыбызга келип ишкерлик кылып жан багышат. Эң башкы маселе базарлар, тейлөө кызматтарынын бардыгы шаарыбыздын чок ортосуна жайгашып калган. Ошондуктан, жол тыгындары жаралууда. Чынында бул маселе көп жылдардан бери көтөрүлүп келе жатат. Бирок, бул маселени мэрия шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте чече баштады. Себеби, мэриянын алдындагы борбордук базар өрт коопсуздугуна, санитардык талаптарга жооп бербей калды. Соодагерлер адамдар жүрө турган жолго чейин чыгып соода кылып жатышат. Мына ушундай башаламандыкты жоюу, жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында мэрия тарабынан базарды башка жакка жылдыруу демилгесин көтөрүп чыкканбыз. Шаардагы эски тамеки зоводунун имаратын оңдоп, ошол жерге соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп жатабыз. Учурда базардын дээрлик 90 пайызы бүтүп калды. Буйруса бир айдын ичинде базарды жылдырабыз. Ал жерде өрт коопсуздугуна, санитардык талаптарга жооп бере турган базар куруп жатабыз. Жүргүнчүлөр, соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттар каралган. Бул курулуш иштеринин бардыгы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жатат. Эгерде базарды толугу менен көчүрө турган болсок, шаарыбыздагы автоунаа тыгын маселеси чечилет.
Мына ушул маселеге улай айта кетүүчү нерсе, шаарыбыздагы Курманбек менен Түмөнбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа сатуучу базар бар эле. А базар турган жай жеке менчикке берилип кеткен экен. Ушундан улам, алып-сатарлардын көптүгүнөн автоунаа тыгыны пайда болуп келген. Чынында жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматтын деле күчү жетпей калган. Ошондуктан Спутник кичи районунан үч гектар жер таап, машина базарын жылдырдык. Азыр базар иштеп, шаардык бюджетке ири киреше түшүрүп жатат.
– Жылда эле Жалал-Абад шаарын сел каптаган учурлар кездешет. Табият кырсыгынын алдын алуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?
– Бул түздөн-түз адам факторуна байланыштуу экен. Кээ бир үйлөрдүн тосмолору жолго чыгып, арыктар каралбай калган. Каналдар убагында тазаланбай келген. Шаардын ирригациялык системасын былтыртан баштап иретке келтире баштадык. Кооптуу болгон жерлерди тазалап алдык эле, быйыл сел коркунучуна туруштук бере алдык десем болот. Быйылкы жылы шаарды эки жолу сел каптады. Бирок, сел биз күтпөгөн тараптан келди. Тагыраагы нөшөрлөп жааган жаандан улам, курорт тарабынан түшкөн селдин агымы арыктардан ашып, короолорго чейин кирип кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү кызматы менен биргеликте арыктарга чоң лотокторду коюп жатабыз. Келерки жылы дагы үч чакырымга лоток коюлат. Бул маселе мэриянын такай көзөмөлүндө турмакчы.
– Шаарда калкты таза суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды чыгаруу боюнча атайын ири долбоор ишке ашырылып жатты эле…
– Калкты таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча долбоорду Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы каржылап жатат. Мөөнөтү боюнча келерки жылга чейин каржыланып бүтүшү керек. Долбоордун талабына ылайык, шаарыбыз жаңы шаар жана эски шаар деп экиге бөлүнгөн. Биринчи фаза боюнча азыркы күндө шаарда таза суу жана саркынды суу түтүктөрү орнотулуп, элге пайдаланууга берилди. Экинчи фаза боюнча Курманбек жана Спутник кичи райондорунда таза суу, саркынды суу түтүктөрү орнотулуп жатат. Быйыл, бир топ жылдардан бери көйгөй жаратып келген маселе жоюлат. Аны менен бирге шаарда саркынды сууларды кабыл ала турган жайлардын бирин кайра оңдолуп жатса, экинчисин жаңыдан куруп жатабыз. Буйруса, долбооорду өз убагында бүтүрүүгө жетишебиз.
– Шаардагы эң башкы маселе түрмөнүн имаратын жана аэропортту башка жакка которуу болуп келген. Бул маселе кандай чечилип жатат?
– Өтө олуттуу маселени козгодуңуз. Туура, шаарыбыздын ичинде жайгашкан түрмөнү жана аэропортту жылдыруу бир топ жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Быйыл түрмөнү башка жакка жылдыруу демилгебиз Министрлер Кабинети тарабынан колдоого ээ болуп, Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн аймагынан ыңгайлуу жер табылып, ошол жакка көчүрүлмөк болду. Жердин трансформациялоо иштери бүтүп калды деп атышат. Буйруса келерки жылы иштер башталат. Түрмөнүн шаардын ортосунда турушу жарандардын психологиясына терс таасирин тийгизип, адамдардын пикирин өзгөртөт экен. Бошой турган жети гектар аянтка социалдык объектилерди куралы деп пландаштырып жатабыз.
Ал эми Көк-Арт зонасынан 250 гектар жер таап ошол жерге аэропортту куруу боюнча сунушубузду билдиргенбиз. Аэропортту куруу татаал процесс экени. Маселен, шамалдын багыты кайсыл жактан келет, туман түшөбү-түшпөйбү, коопсуздук маселеси кандай болот, баары тиешелүү адис-тердин кылдат текшерүүсүнө көз каранды экен. Жарандык авиациянын өкүлдөрү жакында обладминистрациянын башчылары менен жолугуп, биз сунуш кылган жерди жактырып кетишти деп айтышты. Бул иштердин бардыгы КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Жапаров Акылбек Үсөнбековичтин, Коопсуздук кызматынын башчысы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин түздөн-түз колдоосу менен ишке ашырылып жатат.
– Шаарда калкты тейлөөчү жүргүнчү ташуучу унаалардын абалы кандай?
– Мэрияга караштуу жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазабыз бар. Шаарыбызга 2002-жылдары Кытайдын өндүрүшүнөн чыккан автобустар келген. Алардын мөөнөтү өтүп кеткенине карабай, учурда 7-8 автобус жүргүнчүлөрдү ташып жатат. Эскилиги жеткен автоунаалар бүгүн болбосо, эртең токтоп калышы мүмкүн. Акча каражатын аябай тиешелүү тетиктерин таап, иштетип жатабыз. Шаарыбызга электробустарын алуу боюнча КРнын Экономика жана коммерция министрлигине кайрылганбыз. Биздин сунушубуз колдоого ээ болуп, жакында он электробус сатып алабыз. Бул дагы болсо Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун «Жашыл мурас» демилгесинин алкагында, экологияны таза сактоого болгон аракетибиз.
– Жаштардын шаары Жалал-Абадда эс алуучу жайлар барбы?
– Шаарыбызда илгертен эле элибизге белгилүү болгон Токтогул жана Жеңиш паркы бар. Жогоруда айткандай бул парк-тар эски шаарда жайгашкан. Жаңы шаарда, тагыраагы Спутник, Көк-Арт кичи райондорунда парк жоктугуна байланыштуу 11 гектар жерди эс алуучу жайга айландырууну пландаштырганбыз. Бул долбоорду шаардык кеңештин депутаттары колдоп, акча каражатын бөлүп беришкен. Долбоордун дээрлик 90 пайызы бүтүп калды. Бул жерде атракциондор болбойт. Велосипед үчүн атайын жол салынат. Фонтан, футболдук аянтча, жаш балдар үчүн ойной турган жайлар курулуп жатат. Азыр баарыбыз эле телефон тиктеп калбадыкпы. Жаштарыбыз ошол жерде китеп окуп, көңүл ача турган паркты курууну максат кылганбыз. Жакынкы арада парктын ачылуу аземин жасайбыз.
– Эрнисбек Абдижалилович, шаарды өнүктүрүүгө жолтоо болгон кандай көйгөйлөр бар?
– Иш болгон жерде, көйгөйлүү маселелер болот экен. 2006-жылдары шаарыбыздагы өнөр жай зоналарын жарандар турак жай куруу үчүн ээлеп алышкан. Жалпы жонунан 22 гектар жерибизди кайтарып алуу үчүн документ иштерин кайра жасатып жатабыз. Себеби, тыштан инвестор келсе, жер таап бере албай жатабыз. Турак жайга кезекке турган жарандарыбыз дагы көп. Шаардык мэрия шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте 2040-жылга шаардын башкы планын иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатат. 2023-жылга башкы план даяр болуп калат. Жаңы планга ылайык, шаарыбыздын аянты 4452 гектарга кеңейет. Анын дагы кошумча каржы булактарынын эсебинен шаардык бюджетти көбөйтүп, социалдык тармакта эмгектенген жарандарыбызга муниципалдык үйлөрдү курууну караштырып жатабыз. Ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү биздин артыкчылыктуу багытыбыз болуп эсептелет. Жалал-Абад шаары келечекте замандын талабына жооп берген калаа болоруна бизде толук мүмкүнчүлүктөр бар. Андыктан, эл ишенимин актоо үчүн болгон аракетибизди жумшай бермекчибиз.
Шекербек КАЛЫКОВ