Куткаруучуга ишен, өзүң да сак бол!
Өлкөдө жыл башынан бери 32 адам сууга чөгүп каза тапты. Анын 15и жайкы ысык башталган июнь айынын ичинде болду. 2021-жылы сууга чөккөндөрдүн жалпы саны 121ге жеткен болсо, анын 81 учуру жай күндөрү катталган. Бул ӨКМдин суудан куткаруучулардын «112» номерине катталгандары. Ушул маселе боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар кызматынын башчысынын орун басары Замир Жумаков менен маек курдук.
– Замир Жумагулович, Бишкектин “Ала-Тоо” аквапаркында № 95 мектептин окуучусунун бассейнге чөгүп кеткени чуулгандуу окуя болду. Ал жерде куткаруучу бар бекен?
– Биздин кызмат суудан куткаруучулук кесипке окутуп, сертификат берет. Бирок, алар бир жылдан кийин кайрадан квалификация-сын тастыктоочу эки күндүк окуудан өтүп турушу керек. Былтыркы жылы “Ала-Тоо” аквапаркынан келип, 6 куткаруучу квалификациясын тастыктап кеткен. Ал эми 2022-жылга карата аттестациялоодон өтүшө элек болчу. Ушул окуяны териштирүү боюнча түзүл-гөн комиссия менен барганыбызда, бассейиндин тереңдиги болгону 80 см экенин көрдүк. Бала чөгүп бара жатканда бассейинде көп окуучулар болгон экен. Бирок, чоң кишилер да, окуучулар да анын чөгүп жатканын байкабай калышкан. Ошол учурда куткаруучулар кайда жүргөнүн, кырсыкка эмне себеп болгонун укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатышат. Ушул окуядан кийин Бишкектин санэпидемстанциясы, экотехинспекциясы, биздин кызмат, өрт коопсуздугу болуп, тиешелүү органдар бул сыяктуу эс алуучу жайлардын абалын кыдырып көрүп чыктык.
Өкмөттүн 2011-жылдын 13-августундагы № 466 токтому менен бекитилген “КРнын суу объектилеринде адам өмүрүн сактоо боюнча” эреже бар. Ага ылайык жыл сайын апрель айында облус, район, айыл өкмөттөр ж.б. бардык мамлекеттик структураларга сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча чараларды көрүү, бизден куткаруучуларды даярдатып алуу тууралуу каттарды жиберип турабыз. Ал эми февралда аймактардагы көлдөр, бассейндер жана агын суулардын эсебин тактап чыгабыз. Биздин кызмат мекемелердин буйрутмасы менен 10 күндүн ичинде суу куткаруучуларды даярдайт. Мисалы, көлдүн пляждарынын ар бир 50 метринде бирден куткаруучу болушу талап кылынат. Андан тышкары, элдин коопсуздугун көзөмөлдөп турган кароол чоку уюштурулуп, анда посттун башчысы, жардамчысы жана медициналык персонал болушу керек. Алар сууга байланышкан кырсыктардан сактоочу жабдыктар менен жабдылышы талап кылынат. Жээкте 100 метр сайын моторлуу кайык болушу шарт. Чөгүп бараткан адамга тез жетип, алгачкы жардамды көрсөтүү кажет. Жээктен көлдүн узундугу 50 метрге чейинки бөлүгүнө коюлган тосмодон ары өтүп сүзүүгө болбойт. Бирок, 50 метрге жетпей эле суунун тереңдиги 1,75 метрден ашык болуп турса, ал жерге да тосмо орнотулат. Ал эми сүзгөндү билбеген жарандарга 1,5 метр терең болгон сууларга тосмо коюп, шарт түзүү зарыл. Кичинекей балдарга 70 см ашпаган тереңдикти белгилеп бербесе болбойт. Көп адамдар пристен сууга секирип түшкөндү жакшы көрөт. Буга катуу тыюу салынат.
– Сиз айткан талаптар кагазда калып жатат. Июндун акырына чейин Ысык-Көлдөгү он чакты эле пансионат ушул иштерди аткарыптыр. Бирок, ал жакта чоң-кичинеси болуп, 200гө жакын пансионат бар эмеспи.
– Ооба, иш жүзүндө абал чеке жылытарлык эмес. Анткени, 2012-жылы ишкерлерди текшерүүгө мораторий жарыяланганын жакшы билесиздер. Пандемия учурунда да көзөмөлдөө солгундап кетти. Текшерүү иштери быйыл гана кайра жандана баштады. Биздин кызмат 2010-жылы түзүлүп, куткаруучуларды – адамды сууга чөгүп кетүүдөн куткаруу жана суучулдарды – суу алдында техникалык жумуштарды аткаргандарды даярдап келе жатат. Биз мамлекетке караган пансионаттарга куткаруучуларды акысыз даярдап, суунун алдын таштандылардан тазалап беребиз. Ал эми, менчик пансионаттардан буйрутма түшпөсө бара албайбыз. Алар өз куткаруучуларын 3400 сом төлөп окутушат. Жыл сайын аттестациялоодон өтүү үчүн 500 сом төлөмү бар. Менин оюмча, ишкерлер каражатын үнөмдөө үчүн талаптарды аткаруудан качып жатышат. Тилекке жараша, жыл өткөн сайын эс алуу-чулар пансионаттардын кожоюндарынан: “Куткаруучуңар барбы? Жээк тазаланып жатабы?”, – деп сурай башташты. Чынын айтсам, биздин айыппул салып, мажбурлаган текшерүүлөргө караганда алты-жети эс алуучунун койгон талабы таасирдүү. Ишкер кардарларын атаандаштарына тарттырып жибергиси келбейт. Ошондуктан маалымат каражаттары, социалдык тармактар жана элдик көзөмөлдөө жандануусу керек. Биз заманга жараша кадам таштап, роликтерди тартып тик-ток аркылуу чыгарып жатабыз.
– Кара-Суу районунун Курбан-Кара айылында 3 милиционер канал жанындагы 2 өспүрүмгө сууга түшүүнүн кооптуулугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кетирип жиберишкен. Бирок, ошол жерден милиционердин бирөөсү каналга түшүп жатып агып кетти. Айтсаңыз, адамдар сууга сүзүүнү билбегендиктен ушул сыяктуу трагедиялуу окуялар чыгып жатабы?
– Адам өмүрүнө кооптуу жерлерге “Сууга түшүүгө болбойт!” деген белгилер коюлушу керек болчу. Тилекке каршы, 16-июль күнү Савай каналында 22 жаштагы милиционер каналга агып мерт кетти. Окуучу балдар кеткенде милиционерлер өздөрү сууга түшө баштаган. Кесиптешинин агып бара жатканын билген соң, экөөсүнүн куткарып калууга жасаган аракети текке кеткен. Анын сөөгүн 130 милиция кызматкери, 38 куткаруучу издеп, Өзбекстанга чектеш Ак-Таш айылынан табышты. Сууга байланышкан кырсыктарды бир беткей кароого болбойт. Адамдын буту тайып же тарамышы тырышып калышы ыктымал. Андай учурда адамдын сүзүүгө күчү жетпей калат. 70 см тереңдиктен деле чөгүп кеткен окуялар кездешип жатпайбы. Жыл сайын кооптуу болгон суу жээктерине коргонуучу белгилер орнотулуп, таштарга сыр менен жазылып, банерлер илинет. Бирок, алардын баары талкаланып, сынып, бузулуп жатат.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА