Жаныңды ойлосоң, жайкы ысык менен ойнобо

Дарыгерлердин айты-мында, жайкы 30-40 градус ысыкта бир саатта денеден дээрлик бир литрге жакын тер бөлүнүп чыгат. Ал эми аба ырайы 71 градуска жетсе адам баласы бир сааттан ашык жашай албайт. Акыркы күндөрү жайкы аптап күчөп жаткан учур. Мындай ысыктан кантип сактануунун жолдорун билүү үчүн Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун ден соолукту чыңдоо боюнча адиси Асел АКЫМБАЕВАга кайрылдык.

Асел АКЫМБАЕВА

– Айтсаңыз, күндүн ысыгынан кантип сактануу керек?

– Учурда күн аябай ысык болуп жаткандыгына байланыштуу бардыгыбыз эле күндөн сактанышыбыз керек. Бирок, кичинекей балдар, жашы улгайган адамдар, жүрөк-кан тамыр, өпкө оорулары, кант диабети жана өнөкөт оорусу бар адамдар ысыктан өзгөчө сак болуулары шарт. Себеби, күндүн ысыгы алар үчүн өтө кооптуу.

Күндөн сактануунун туура жолдору деп төмөнкүлөрдү айта алам:

– Эгерде зарыл жумуш болбосо, үйдө эле болуп турганы оң. Анткени, эртең мененки саат 11-12ден кечки саат 4-5ке чейин күн ачуу тийген убак. Ушул маалда балдар жана кары адамдар сыртка чыкпагандары жакшы.

– Андан сырткары, суу режимин сакташыбыз керек. Мисалы, адамдын бир килограмм салмагына 30-45 мл. суу керектелет. Ошондо жаран өзүнүн салмагын 30-45 мл. көбөйтүп, күнүнө канча литр суу ичиш керек экенин билип алса болот. Бирок, күнүнө 2-2,5 литрден кем эмес суу ичип туруу зарыл. Анткени, дем алып, тердегенде биздин организмден көп суюктук бөлүнүп чыгат. Ошол суюктукту кайра толтуруп турушубуз керек.

– Кийген кийимдерибизге да өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Себеп дегенде, терибизди кийип жүргөн кийимдерибиз гана коргоп турат. Андыктан кийимге көңүл бөлүп, жеңил, кенен, синтетика эмес ХБ менен лен (зыгыр) материалдарынан тигилген ачык түстөгү кийимдерди кийип жүргөнүбүз туура.

Жайында бийик такалуу жана бутту тердеткен бут кийимдерден баш тартып, жеңил, такасы жок, аба өткөрө тургандарын тандап алышыбыз керек.

Көчөгө чыгардан мурда күн нурунан коргоочу крем жана спрейлерди колдонгонубуз туура. Ал кремдерди ар бир эки саат сайын кайра жаңылап сүртүп турушубуз керек.

– Кайсы суусундуктарды ичүү зарыл?

– Негизи газдалган жана таттуу суусундуктардан баш тартканыбыз оң. Анын ордуна газдалбаган таза суу же улуттук суусундуктарды ичкен жакшы. Андан сырткары, үйдө кургатылган жемиштерден компот кайнатып ичкен да ден соолукка өтө пайдалуу. Муздаткычта турган муздак сууну ичкен туура эмес. Аны муздаткычтан эрте алып чыгып коюп, бөлмө температурасына келгенде ичиш керек. Сууну муздак ичсе, тамак оорулары козголушу мүмкүн.

– Ысыкта балмуздак жегенге болобу…

– Балмуздак жаз мезгили келгенде эң популярдуу азык десек болот. Аны өзгөчө балдар жакшы көрүшөт. Балмуздактын курамында сахар, май, углеводдор бар болгондуктан аны сиңирүү адамга өтө оор. Ошондой эле чаңкоону кандыруу натыйжасы аз, жеп алгандан кийин кайра суусап, ысып, тердеп баштайбыз.

– Бөлмөлөрдөгү желдеткичтердин пайда, зыяны канчалык?

– Желдеткичтердин пайдасы көбүрөөк. Анткени, адам ысып, тердеп турганда кондиционер сергип калганга жакшы шарт түзөт. Бирок, бул желдеткичтер сырткы температурадан 5 эле градус төмөн болушу керек. Аябай ысыктан муздак бөлмөгө кирип кетсек, өнөкөт оорулар козголот. Андыктан желдеткичтердин температурасын муздак кылып койгонго болбойт. Ошондой эле муздак бөлмөдө олтуруп, ысып турган күнгө чыккан да туура эмес. Бул тери ооруларын пайда кылат.

– Ысыктан эсин жоготуп, жыгылып калган учурлар да бар. Мындай учурда тез жардам келгенче ал адамга кандай жардам көрсөтүү керек?

– Күндүн ысыгынан эсин жоготуп, жыгылып калган учурлар коомдук транспортто көп катталууда. Себеби, эл көп болуп, аба жетишпей калат. Мындай учурга дуушар болгон бейтапты коомдук транспортто же башка жерде болобу, дароо таза абага алып чыгыш керек. Андан кийин көлөкө жерге жаткырып, буттарын өйдө көтөрүп, галстугу болсо аны чечип салуу зарыл. Анан сөзсүз түрдө тез жардам чакырыш керек. Анткени, дарыгер гана ал адамдын абалын текшерип, эмне менен дарылоо керек экенин айта алат. Эгерде эсин жоготпосо, ага өтө муздак эмес суу ичирип, бетин бир нерсе менен желдетип туруу шарт.

Асел МУСА кызы

0 Поделились