Текебаев кыргыз тили боюнча тестке катышып, 93,75 упай алды

Президенттике талапкерлигин койгон Өмүрбек Текебаев кечээ, 17-августта кыргыз тили боюнча тестке катышып 93,75 упай алды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил комиссиясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эл өкүлү мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча бекитилген үлгүдөгү сертификатка ээ болгон.

 

Эскерте кетсек, Текебаев Россиялык ишкерлерден «Альфа Телеком» (Megacom) компаниясын алардын пайдасына чечип берүү үчүн 1 миллион доллар пара алган деп айыпталып, Биринчи Май райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган болчу.