Интернеттеги каршылыгына карабай, өкүртүп-бакыртып машинеге салынган баланын видеосунун таржымалы

Бир нече адам тестиер баланы баланы улгайган аялдын колунан тартып алып, ыйлаткан бойдон сүйрөп машинага салып кеткен видео интернетте кызуу талкууга алынып жатат.

«Барбайм, жолобо». Апасынан корккон кичинекей баланы кыйкырткан бойдон жетелеп кеткен эне Окуя Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда болгон.Кичинекей баланын ата-энеси ажырашып кеткен. Ошондуктан ал атасы жана чоң апасы менен жашачу. Сот «кичинекей баланын калоосуна жараша тандаганга укуктуу» деген өкүмүнө карабастан атасынын көзү өткөн соң, апасы келип баланы алып кетем дейт.Ажырашканга чейин апасы баланы урчу экен, ошондуктан кичинекей өз энесинен аябай коркот. Видеодо көрүнүп тургандай ал апасына баргысы келбей ыйлап жатат. Энесинин аты Элиза. Жергиликтүү бийлик бул көйгөйгө көзүн жумуп койгондой. Ал эми кичинекей бала болсо психологиялык жана укуктук жардамга муктаж.

Опубликовано Эркином Кайымовым 16 августа 2017 г.

Маалыматтарга ылайык, окуя Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылында болгон. Видеодогу бала 10 жашта. Ата-энеси 2005-жылы үйлөнүп, үч балалуу болгондо атасы жол кырсыгынан каза болгон.

Бул боюнча Социалдык коргоо министрлигинин Үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Жаңыл Жумабаева «Азаттыкка» төмөнкүчө билдирген:

— Биздин кызматкерлер аны менен жолугуп келишти. Эмне үчүн ошентип ыйладың деген суроого ал чоң апам “эгер кетип калсаң өлөм” деп айтканынан коркуп кеткем деп жооп берди. Апам менен жашайм деди.

Кийин соттук териштирүү жүрүп, акыры Жогорку Сот пенсиядагы чоң энесинин колунда дагы ондой өспүрүм бар экенине негиздеп, баланы апасына берүү чечимин чыгарган.

Чуулгандуу видео 14-августта келин кайын энесинен баланы алып кетүү үчүн барганда тартылып алынган. Бирок эртеси күнү 15-августта ал апасына тынч өткөрүлүп берилегн.