«Илбирстер ачкачылыктан балдарын жеп коюшу мүмкүн»
23-25-август күндөрү ак илбирстин тукумун сактоо боюнча эл аралык форум болуп өтөт. Аталган иш чарага ак илбирс жашаган 12 өлкөдөн, буга кызыгуу жараткан мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан өкүлдөр келип катышуусу күтүлүүдө. Бул иш чарага утурлай Германиянын NABU уюму тарабынан Суусамыр өрөөнүнө 15-август күнү ак илбирстин айкели орнотулду. Ага аталган уюмдун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана маданият ишмерлери катышты.
Аталган айкелди белгилүү скульптор Марлен Бакчиев жасап чыккан. Эки баласы менен келе жаткан илбирстин айкели жолдун жээгине орнотулуп, жарандар жоголуп бара жаткан жаныбардын өзүн көрбөсө дагы анын айкелин көрүп, буга аяр мамиле кылуусу үчүн орнотулган. NABU уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Толкунбек Асыкулов: “Аталган эстеликти жасоого бир жылдан ашык убакыт кетти. Скульптор сүрөттөн алып, же кайсы бир формадан алып эле жасап койбостон, биздин реаблитациялык борбордогу илбирстердин өзүн көрүп, сүрөткө тартып, жанында жүрүп, алардын кыймыл аракетин, кылык, мүнөзүн көрүп анан жасады. Илбирс өзү экиден, кээ бир учурларда үч мышык тууйт. Бул айкелде башка жаныбарлардай беш-алтыны эмес, ушундай аз бала тууй турганын билдирели деген ой менен эки мый-мый менен келе жаткан элесин түшүрдүк”, – деп билдирди.
Эскерте кетсек, мурда Боом капчыгайына жалгыз илбирстин келе жаткан айкели орнотулган болчу. Мындай иш чаралар Кыргызстанда ашып кетсе, 300-350 баш калган жаныбарга аяр мамиле кылууга чакырык иретинде жасалууда. Анткени, корголуп жатканына карабас тан, бул жаныбардын жок болуп кетүү коркунучу бар. Буга чабан, браконьерлер мергенчилик кылып жаткан кийик, тоо эчкилери илбирстердин тамагы болуп саналганында. Ал эми аларды атып кетип калышса, илбирстер тамагы жок калуу коркунучу жарала турганын айткан NABU уюмунун алдында браконьерлерге каршы атайын түзүлгөн ыкчам “Барс” тобунун жетекчиси Курманбек Дүйшеев: “Акыркы 6-7 жылда өкмөттүк уюмдар менен биргеликте браконьерлерге каршы, алардын тамагы болгон тоо текелерге зулумдук келтиргендер менен күрөш жүргүзүп келе жатабыз. Биздин максатыбыз барстарды сактап калуу. Бул жерде эки баласы менен кетип бара жаткан илбирстин айкелин орнотуп жатабыз. А бирок, илбирстин эки баласы менен жашап кетиши абдан эле татаал. Себеби, буга адамдар күнөөлүү. Алар буларга тамак болгон тоо текелерди атып жеп коюшат. Ал эми илбирстерге тамак калбай калса, булар ачкачылыктан балдарын жеп койгон учурлар кездешет”, – деген пикрин билдирди.
Адистердин айтымында илбирстин санынын азаюусуна жогоруда айтылган факторлордон сырткары жайыттардын чар жайыт болуусу. Себеби, мурда жайыттарга чыгууда чабандар бир жерден экинчи жерге көчүп турушкан болсо, азыр мындай жок. Мунун натыйжасында табигый ресурстарды жок кылып кетишүүдө. Бул нерсе тоо теке, аркар жана башка илбирстин тамагы боло турган жаныбарлардын көбөйүшүнө терс тасирин тийгизип келет. Мындан тышкары үй жаныбарларынын ар кандай оорудан улам өлгөн өлүктөрүнүн ачык эле ар кайсы жерде ташталып кетүүсү дагы маселе жаратып келет. Анткени, бул калдыктарды жырткычтар жеп алып, ооруларды тоо арасына алып кетишүүдө. Анткен менен адистердин айтымында илбирстин саны акыркы убактарда стабилдүүлүгүн кармап турат.
Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»