Талбаган күрөш артындагы татыктуу жеңиштер

Нурзада САГЫНБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Шахмат боюнча Кыргызстандын эң алдыңкы оюнчусу, чемпиону, көптөгөн эл аралык деңгээлдеги оюндардын татыктуу жеңүүчүсү Нуриза ӨМҮРБАЕВА туурасында сөз кылабыз. Текеберликтен качып, ар дайым теңдикти сүйүп, улуу-кичүүгө ызаат, урмат менен мамиле кылган, өз өнөрүн чексиз берилип аткарган Нуриза келечекте дагы көптөгөн жеңиштерге, кубанычтарга ээ болот деген ишеничтебиз.

Ынтымак байырлаган коломто

– Балалык таттуу күндөрүм Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында өттү. Биз төрт бир тууганбыз. Ата-энемдин биз үчүн жасаган эмгеги чексиз. Алар коломтобуздун ынтымагын, биримдигин бекем кармап, бизге ата-энелик чоң камкордук, мээрим менен тарбия берип өстүрүштү. Ушундай бакыттын, таалайдын нуру чачыраган бакубат үй-бүлөдө өткөн балалык жылдарым ар дайым көз алдымда жакшы элестер менен тартылып калды.

NewTV каналынын диктору Жазгүл МАДИНОВА: Жакшы көргөн адамга биринчи болуп кадам таштаганга эрким жетпейт

Үйдө атам, агам жана таеке-тайларым шахматты мыкты ойношчу. Мен аларды карап отуруп эле шахматты өздөштүрүп алгам. Алар менен бирдикте мелдешип, шахмат ойногон учурларым дагы эле эсимде.

Алгачкы аракеттер

– Агам менден бир класс жогору окуучу. Экөөбүздүн жашыбыз удаа болгондуктан, өзүбүзгө кызыктуу болгон темаларды чогуу билүүгө аракет жасачубуз. Айрыкча, мен байкем эмне жасаса, аны ээрчип, кошо үйрөнүүгө далалат кылаар элем. Ал география сабагын жакшы көрүп окугандыктан, мен да ага кызыгуу артып калгам. Ага кошумча, география мугалимибиз Аида Толумбекова да өз адистигин мыкты билген кесипкөй эже болгондуктан, сабагын ар тараптуу багытта билгичтик менен өтчү.

Андан тышкары, агам экөөбүз сүрөт тартып, райондук, облустук деңгээлдеги олимпиадаларга катышып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишкенбиз. Эгер биз сүрөт тартууну уланта берсек, балким, бул өнөрдө да талант-шыгыбызды көрсөтүп, бийик баскычтарга жетээр белек… Бирок, агам бул өнөрүн экинчи планга калтырып койгон соң, мен да анын чечимин кайталадым.

Василий Александрович шахмат оюну боюнча алгачкы машыктыруучубуз болду. Ал киши мектептер арасында турнирлерди өткөрүп турчу. Мектептерде өткөрүлгөн шахмат боюнча турнирлерге 7-классты бүтүргөн жылдардан тартып үзбөй катыша баштадым. Мелдештерде агам экөөбүз дайыма 1-2-орундарды алып жүрдүк. Турмуштун агымы ар кандай нукта өтөт эмеспи. Кийин агам студент болду, андан соң, иштеп калды да, шахматты таштап койду. Болбосо, андан эң мыкты шахматист чыгаарына ишенчүмүн.

А мен бул жөндөмүмдү андан ары улантып кеттим…

Далалаттын артындагы даңгыр жол…

– Жыйынтыктар кандай болду? 9-классты аяктаган соң, Ысык-Көл облусунда уюштурулган төрт жылда бир болуучу спартакиадага катышып, команда менен ойногом. Ошондо командабыз биринчиликти алып, алтын медалга ээ болгом. Бул менин алгачкы чоң ийгилигим эле. Андан кийин облус ичиндеги мелдештерге байма-бай катышып жүрдүм. Кийинчерээк Кыргызстанда тандоо болуп, шахмат боюнча чемпионат өткөрүлдү. 16 жашка чейинки кыздар арасындагы ошол мелдеште 1-орунду алгам. Анын негизинде Өзбекстанда өтө турган Азия чемпионатына жана Францияда боло турган дүйнөлүк деңгээлдеги чемпионатка жолдомо алганбыз. Ушундай жогорку көрсөткүчтөр мага дайыма стимул берип турду. Шахматка болгон кызыгуум улам күч алып, тынбай машыгып баштадым. Көптөгөн турнирлерге катышып, ар дайым орундарга ээ болуп жүрдүм.

Самат ЭРКИНБЕКОВ: «Көчөдөн көргөндөр «дүрүдүм» деп калышат»
Изденүүдөн жаралган ийгиликтер

– Мурда шахматты китептерде жазылган эрежелердин негизинде окуп, үйрөнчүбүз. Азыр технология жетишээрлик өнүктү. Шахматтын сырларын үйрөтүү боюнча атайын программалар чыкты. Аларды карап машыгып турам. Шахматты жөн гана ойной бербейт. Анда ар бир жүрүшкө карата өзүнүн коргонуулары бар. “Шахматта үч жүрүш жасаган соң, 9 миллион позиция түзүлөт” деп көп уккам. Демек, шахмат оюну өзүнчө чалкып жаткан чексиздик десек да болот. Бул аягы көрүнбөгөн ары сырдуу, ары татаал, ары кызыктуу оюн.

Машыктыруучу болуп, балдарга шахмат ойноо жолдорун үйрөтүп, сабак бере баштагандан тарта көп изденип, билбегендеримди өзүм да өздөштүрүп жатам. Мурда коргонуунун беш-алты жолун гана пайдаланып ойногон болсом, азыр ар бир коргонууда бир нече варианттарды үйрөнүүдөмүн. Иш столумда изденип, түндүн бир оокумуна чейин отурган кездер болот.

Жөнөкөйлүктүн барк – баасы

– Алла Тааланын алдында бардыгыбыз бирдей жаралганбыз. Адамдар канчалык өйдөлөгөн сайын жөнөкөйлүктөн жазбай, текеберликтен алыс болушу керектиги Куранда, Хадистерде так, таасын айтылган. Жөнөкөйлүк, жумшактык — Алла Таалага жаккан мүнөз. Бой көтөрүү, текеберлик – бир гана адашууга алып барат. Алла Тааланын берген ар бир жакшылыгы үчүн шүгүр кылып, тобоо келтирип жашоого тийишпиз.

Китептерден окуган жана турмуштан көрүп-билген түшүнүктөр мындай жыйынтык берет. Ички дүйнөсү жарды, төмөн адам жетишкен ийгиликтерине манчыркап, өзүн көрсөтүү үчүн текебер болуп чыга келет тура. Демек, адамдын дүйнө таанымы, жашоого болгон көз карашы жогору турушу шарт. Жан дүйнө өйдө, бийик болуп турганда гана адам бардык нерсеге тегиз жана түз мамиле жасоого үйрөнөт деп ойлойм.

Ишеним жана үмүт…

– Бут тосуулар, көрө албастыктар, ыплас көз караштар болуп турат. Жашоо ак-карасы менен кызык эмеспи. Ар кандай туура эмес мамилелерден улам “Жетишет! Мындан ары шахмат ойнобойм!” – деген учурлар да болгон. Бирок, ачуум тараган соң, кайрадан эле шахмат дүйнөсүнө баш баккам.

«Ойлонуп жолдо келатсам, «обгондоп» кетти булуттар…»

Оор учурларды кантип жеңдим? “Өмүрүмдүн эң бир баалуу бөлүгү болгон шахматты таштоо – бул менин алсыздыгым. Мен бар болгон талантымды, жөндөмүмдү көрсөтүшүм керек! Мага кыйынчылык жаралган сайын мен эч нерсеге карабай, алдыга карай умтулушум керек!” – дедим да, башымды бийик көтөрүп, максаттарымды багынтуу үчүн күрөшүп баштадым. Бул ойлорум мени ойготту да, ордуман тургузуп, мага чоң үмүт, терең ишеним берди…

Өрнөктүү иштин өмүрү да узун

– Азыркы тапта бардык шарты бар мына бул өзүңүздөр көрүп, күбө болгон республикабыздагы алдыңкы шахмат мектебинде машыктыруучу болуп эмгектенем.Кыргыздын мыкты уулу Мелис Эшимканов агабыздын жаркын элесин өчүрбөө максатында ал кишинин ысымын ушул мектепке берген элек. Бир катар жакшы адамдар биргелешип, мына ушул мектепке өздөрүнүн колдоолорун, жардамдарын берип келишти.

Келечектүү багыт

– 2012-жылдан бери январь айында туулган күнүмдүн урматына карата республикалык деңгээлдеги шахмат турнирлери менин атымдан өткөрүлүп жүрөт. Ал үчүн Токмок шаарынын мэриясы тарабынан атайын акчалай сыйлыктар бөлүнүп берилет.

Анын неизинде биз Кыргызстандын эң алдыңкы шахматчыларын жана шахмат күйөрмандарын чакырабыз. Бул жөн гана турнир эмес. Атайын майрамдык маанайда уюштурулган эки күндүк чоң иш-чара десек да болот. Коомго пайда келтирген мындай керектүү, демилгелүү иштер улана бериши керек. Биз бардык аракетибизди жумшоо менен шахмат оюнун өнүктүрүп, дайыма алдыны көздөй арымдай беребиз.

One thought on “Талбаган күрөш артындагы татыктуу жеңиштер

Комментарии закрыты.