Текебаевдин тарапкерлери митинг өткөзүүдө

Бүгүн, 4-майда шаардык соттун алдында “Ата Мекен” партиясынын камакта отурган лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары, партия лидерин бошотууну талап кылып, митинг өткөрүүдө. Бүгүн эртең менен 9:30га белгиленген Текебаевдин баш коргоо чарасы боюнча сот отуруму 16:00гө жылдырылган болчу.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Мегаком» компаниясына байланыштуу жемкорлукка шектелип 26-февралда кармалган жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына эки айга камалган. 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын темир тор артындагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан. Буга нааразы болгон адвокаттары шаардык сотко апелляциялык арыз жазышкан.

Шаардык сот Текебаевдин баш коргоо чарасын узартуу боюнча райондук соттун чечимин мурдагы аскер сотунун имаратында карай турган болду. Учурда соттунда алдында Текебаевдин 50гө жакын тарапташы плакаттары менен турат.