Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДТжСА) 2022-23-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
УЛУТТУН ДЕН СООЛУГУ – БИЗДИН КОЛДО
КАБЫЛ АЛУУДА ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН (ЖРТ)
ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭСКЕ АЛЫНБАЙТ!!!
КМДТжСАсы – Кыргыз Республикасындагы заманбап окуу-илимий жана спорттук базасы бар, спорт жана дене тарбия тармагындагы бирден-бир адис-тештирилген жогорку окуу жайы. Академиянын карамагында: футболдук-жеңил атлетикалык манежи, гимнастика, спорттук оюндар, оор атлетика, күрөш, бокс, дзюдо залдары, стадион, сууда сүзүү бассейни жана ачык спорт аянтчалары, туризм боюнча машыгууларды өткөрө турган, Бишкек шаарынан 30 км аралыкта (Кой – Таш айылында) орун алган «Спорт» базасы бар. КМДТжСАсы «Дене тарбия жана спорт» багытында «бакалавр» квалификациясын ыйгаруу менен үч профиль боюнча даярдоону иш жүзүнө ашырат:
ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРОФИЛИ:
– педагогикалык жана спорттун улуттук түрлөрү факультети
Окуунун формасы: күндүзгү – 4 жыл, сырттан окуу – 5 жыл.
Бул профилге баскетбол, волейбол, гимнастика, атлетикалык гимнас-тика, жеңил атлетика, туризм, сууда сүзүү, стол тенниси, футбол, күрөш, шахмат, тогуз коргоол менен машыккандар бюджеттин жана контракттын негизинде кабыл алынат.
Гребля, регби, кулатуу, алыш күрөшү ат оюндары, гандбол жана хоккей спорт түрлөрүнө контракттык негизде гана кабыл алынат.
СПОРТТУК ДАЯРДОО ПРОФИЛИ:
– машыктыруу факультети
Окуунун формасы: күндүзгү – 4 жыл, сырттан окуу – 5 жыл.
Бул профилге эркин, грек-рим, аялдар күрөшү, бокс, самбо, дзюдо, оор атлетика, жаа атуу спорт түрлөрүнө бюджеттик жана контракттык негизде кабыл алынат. Контракттык негизде: бильярд, ММА жана панкратион, каратэ, таэквандо спортунун түрлөрү менен машыккандар кабыл алынат, (абитуриенттердин спорттук даярдыгы II-спорттук разряддан жогору болушу зарыл).
АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДОО ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ ПРОФИЛИ:
– аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия факультети
Окуунун формасы: күндүзгү – 4 жыл.
Жалпы дене даярдыгы боюнча кирүү сынагынын негизинде кабыл алуу жүргүзүлөт, жашы 25 жашка чейин.
МАГИСТРАТУРА
532000. «Дене тарбия жана спорт» багыты боюнча «Дене тарбиянын магистри» квалификациясы ыйгарылат. «Дене тарбиянын бакалавры» квалификациясы барлар бюджеттик жана контракттык негизде кабыл алынат, окуу мөөнөтү – 2 жыл (күндүзгү) 2 жыл, 6 ай (сырттан окуу бөлүмү) диплому бар адамдар үчүн (бюджеттик, контракттык),
КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖАНА АДИСТИККЕ КАЙРА ДАЯРДОО ФАКУЛЬТЕТИ
“Бакалавр” квалификациясын ыйгаруу менен жогорку кесиптик билимдин негизинде
532000. “Дене тарбия жана спорт” багыты боюнча (педагогикалык жана спорттук даярдоо профилдерине) бакалаврларды даярдоону жүргүзөт.
Окуу мөөнөтү аттестациялык комиссия тарабынан аныкталат (2,5-3 жыл).
СЫРТТАН ОКУУ ФАКУЛЬТЕТИ :
Орто, орто кесиптик билимдин базасында бакалаврларды даярдоону камсыз кылат.
Окуу мөөнөтү – 5 жыл.
ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ КОЛЛЕДЖИ:
Кабыл алуу негизги жалпы орто билиминин базасында жана жалпы дене даярдыгы сынагынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Окуу мөөнөтү – 2 жыл, 10 ай. Окутуу формасы күндүзгү (контракт).
КАБЫЛ АЛУУНУН ШАРТТАРЫ:
Кабыл алуу тандап алган спорттун түрү боюнча тапшырылган кирүү сынагынын жыйынтыгы боюнча конкурстук негизде жүргүзүлөт (квалификациясын жогорулатуу жана адистикке кайра даярдоо факультетине конкурстук негизде). Күндүзгү жана сырттан окуу формасындагы адистиктин бардык түрү боюнча конкурстун жыйынтыгын чыгарууда аттестаттын (дипломунун) орточо балы эске алынат.
Бюджеттик (гранттык) орундарга: – Ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү, – үстүбүздөгү жылдын окуучулар арасындагы Республикалык мектеп лигасынын жеңүүчүлөрү (тастыктоо документтери менен) конкурссуз кабыл алынат.
ОКУУГА ТАПШЫРУУДА КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕР:
1. Абитуренттин арызы (КМДТжСАнын кабыл алуу комиссиясында толтурулат);
2. Мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндөгү документ (аттестат же ЖКБ жөнүндөгү диплом);
3. Паспорт;
4. Аскерге жарактуулугу жөнүндө күбөлүк (эркек балдар үчүн);
5. 086-У медициналык справка (флюрографиянын сүрөтү менен)
6. Спортсмендин классификациялык китепчеси (машыктыруу профили үчүн);
7. Сүрөт 3х4 – 12 даана;
8. Медициналык комиссиянын
жыйынтыгы (студ.поликлиникада өтөт);
9. Почта конверти – 5 даана;
10. Окууга тапшыруудагы документтерди толтурууда керектөө үчүн – 400 сом.
11. Жашаган жеринен маалымат (справка).
КАБЫЛ АЛУУДА ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН (ЖРТ) ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭСКЕ АЛЫНБАЙТ!!!
Конкурстан сырткары бюджеттик (гранттык) кабыл алууга талапкерлер төмөнкү тийиштүү документтерди көрсөтүшү керек:
– Эл аралык класстагы спорттун чебери (ЭКСЧ)күбөлүгү.
– Эл аралык мелдештердин же үстүбүздөгү жылдын окуучулар арасындагы республикалык спартакиадасынын жеңүүчүлөрүн тастыктоочу кат.
Окуу үчүн төлөм:
Күндүзгү – 28 000 сом,
Сырттан окуу – 32 000 сом
КЖжАКДФ – 36000 сом
Магистратура – 35 000 сом
Колледж – 16 000 сом
БИЗДИН ДАРЕК:
Бишкек ш. Ахунбаев көчөсү, 97.
Тел: + 996 0312 57-04-89.
Факс: +996 0312 57-04-89, +996 0550 99-64-14
Моб: +996 0702 00-18-00
Web caйт: www.ksapcs.kg
E-mail: sport_akadem@mail.ru
Лицензия №LS 210001075 Кыргыз Республикасынын
Билим берүү жана илим министрлиги (2021-ж.) (ЖКБ)
Лицензия №LS 210001084 Кыргыз Республикасынын
Билим берүү жана илим министрлиги (2021-ж.) (ОКББ)