Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)
– Эне-е?! – жылан жакындаган сайын заманасы тарып бараткан келиндин эриндери билинер-билинбес кыбырап, көмөкөйүндө жанынын бардыгынча кыйкырык салды. Эмнегедир Кызмончоктун көз алдына ушу ирмем өз энеси эмес, эне-жылан элестеп турган. Бул ага тааныш, кадыресе туюм өңдүү, ал тууралуу ойлоого деле чамасы келбей, сезиминде быкпырдай жайнаган жыландарды баштаган эне-жыландан жакшылык

үмүт этти келин. Демейде ордунан араң козголгонсуп көрүнгөн, анткен менен шамдагай, чапчаң эне-жыландын элеси – кудум бала-бакыралуу, балпайган байбичеге окшоп, мээримдүү көрүндү.

– Эне-е?! – зор жыландан жардам күтүп, жан дүйнөсүндө далбастап жатты келин. Ошого удаа эле Жандын карааны көзүнөн учту:

– Жа-ан?!

Кудай жалгап, бул чакырыкка жакын эле жерден жооп угулгандай болду. Демейдегидей эле алып учуп келе жаткан Жандын тааныш шооратын учкай эшитти. Ошондон уламбы, өзүн таштап жиберди, же күмүш

жыланга чындап эле багынып, андан аркысын көрбөйүн дедиби, көздөрүн жума салды.

***

Жандын келип калганын байкаган Күмүш жылан болгон ылдамдыгы менен Кызмончокту карай “ыргыды”. Ушу тапта так бет маңдайына анын күү менен келип жок болгон илебин сезди келин. Денесин жыйрып алды: “Бүттү баары! Өлдүм! Баламды бир көрүп өлсөм эмне?! Мени кечир, балам?! Атаке, апа?!” Кызына жетип-жетпей, алда кайдан калдактап чуркап келе жатышкан ата-энесин көрдү. Ошого удаа эле кыжы-кужу болгон айылдын эли келе жатты. Арасында Абылай, Сайра, Бектемир, Чынтемир жүрөт… Ал түгүл, баягы кичинекей сары кыз анын кызыл мончогун тагынып алып, күлүп келе жатат. “Кечир мени, кызмончок?! Сени куткара албаганым үчүн кечир?! – Асан ыйлап алган. Эмнеге дир Жан жерде солуп жаткансыйт… Ага эмне

болгон?

Заматта ушунун баарын көз алдынан өткөрүп жиберген келин жыландын муздак денеси келип мойнуна оролушун же ачуу бир “тыз!” эттирген тиштин уусун күттү… Анан ошону менен бүтөт баары! Бул жашоодогу азабы менен жыргалы да, ачуусу менен таттуусу да, баары ошону менен бүтөт!

Бирок… Күмүш жылан кечикти…

Көздөрү оттой жанып, жебедей учуп келаткан ак жыландын аңырдай ачылган оозу келип, Күмүш жон жыландын билектей мойнуна кептеле түштү да, эки жылан көз ачып жумганча жерде оонап, бири-бирине оролуша калып, кайра эле бат кыл аркандай эшилише тирешип, заматта ошол тегеректин чаңын асманга сапырып жиберишти.

Көп өтпөй эле жетип келген Асан жыландарды тиктеп, эс-мас болуп отурган Кызмончокту эки ийнинен кармап, өзүнө каратты:

– Кызмончок?! Жакшысыңбы?

Нес болуп калгандай жалдырап, шалдайган келин жооп берген жок.

Асан анын мойнун, көкүрөк бүчүлүгүн чечип жиберип денесин айланта карады. Эки жеңин ийнине чейин түрүп жиберип колдорунан жыландын “тишин” издеди. Кайра эле Кызмончокту ээгинен кармап, көздөрүнө тиктеди. Ошондон кийин гана келинди бооруна кысып:

– Кудайга шүгүр, баары жакшы… – деди.

Кызмончок унчуккан жок. Тек гана өзүн да, баласын да ага аманат тапшыргандай, уландын бооруна боюн таштап, шалдайды. Анын эки бетин жууган ысык жашты алаканы менен арчыган Асанды ушу тапта оролушкан жыландар көк желкеге коюп өтүштү.

Ошондо гана Асан келинди жерден баладай таптак көтөрүп ала коюп, ал жерден алыстап кетип баратты.

– Сени эми жалгыз таштабайм, – деди өзүнүн да жүрөгү лакылдап, колдорун саал калчылдак баскан улан Кызмончокту көтөрүпбаратып. – Уктуңбу? Силерди эми эч кимге бербейм! Жыланга да, Бектемирге да…

– Кызмончо-ок?! Аса-ан?! – аялдын чаркыраган үнүнөн улам эсине келе түшкөндөй, уйкудан ойгонгондой селт этти бала. Токтоп, артына карады.

Баласын эрчиткен Алымкан делбектепчуркап келе жаткан болчу.

Ошондо гана качантан берки кол жеткис махабатын баладай бооруна басып алып, анын дем алганын, жүрөгүнүн кагышын тыңшап, ага мындан башка эч нерсенин кереги жоктой ошого курсант болуп, бакыттан башы айланып, кайда баратканын деле билбей, шамалдын агымы менен кете берип, кыйла жерге жетип калганын билди улан.

– Каякка?! Кайда алып баратасың?! – жете келген алардын Алымкан жолун торой, улан-

ды суроолуу тиктеди.

– Кызмончок?! Сага эмне болду?

Адам баласынын көкүрөгүнө башын жөлөп, жүрөгүнүн кагышын тыңшап, денесинин жылуулугун, мээримин, сүйүүсүн сезип, ошого каниет кыла эреркеп, магдырап көзү илинип кеткен Кызмончок эми Алымкандын унүн укканга ого бетер өзүн жоготуп таштады. Асан келинде жерге аяр жаткыза коюп, тамырын кармады. Бир нерсе издегендей, айласы түгөнгөндөй эки жагын карап, кайсалактап калды эле:

– Суу бар, – деди анын оюн түшүнө койгон Алымкан Тынардын белиндеги челекти чечип ала коюп, Кызмончоктун оозуна суу тамызып, эки сөзүнүн биринде эле:

-– Кагылайын, кагылайын… – дей берди.

Бир-эки ууртам кылкылдатып жуткан келин бир аз эс ала түшкөндөй болду. Бири-бирине чапталышкан узун кирпиктерин ажыратып, өзүн тиктеп турган үчөөнү көрдү.

– Тынар? – деди анын бу жерде турушун жакшылыктын жышаанындай көрүп.

– Издеп келиптир! – энеси ошого курсант болуп, сыймыктангандай айтты. – Карабайсыңбы, суу да ала келиптир.

Апасынын мактоосуна кубанып, компоё калган Тынар ийрелеңдеп, түз эле буларды карай келе жаткан жыланды көрүп, сөөмөйүн сунуп көрсөткөн боюнча селейип катып калды.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.