“ЖАМУ –жаратмандыктын үлгүсү”

Жалал-Абад мамлекеттик университети тарыхка бай жогорку окуу жайы. Аймактагы педагогикалык кадрларды даярдаган окуу жайынын уюшулганына келерки жылы 100 жыл болсо, университеттин түзүлгөнүнө 30 жылдын жүзү болот. Мына ушул жылдардын аралыгында аталган жогорку окуу жайы өзүнүн сапаттык көрсөткүчтөрүн дайыма жакшыртып, окутуунун жаңы технологияларын өркүндөтүүгө жетишип, глобалдуу атаандаштыкка жарамдуу, жогорку илимий жана кесиптик потенциалга ээ болгон, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салымын кошуучу кесипкөй адистерди даярдоого багыт алган өлкөдөгү ири билим берүү мекемелеринин сап башында келе жатат. Университеттин ректору, профессор Кеңешбек Усенов менен болгон маегибизде жогорку окуу жайы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

УСЕНОВ Кеңешбек Жумабекович –Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын жана Евразия тоо-кен илимдер академиясынын академиги, Эл аралык инженердик академиянын мүчө-корреспонденти, вице-президенти, Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты:

ЖАМУ – заманбап билим берүүнүн ордосу

– Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети экономиканын түрдүү багыттары боюнча республиканын жана региондун керектөөлөрүнө жараша, мамлекеттик заказдарга ылайык гуманитардык, филологиялык, педагогикалык, экономикалык, юридикалык, энергетикалык, техникалык, медициналык багыттарда жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келе жатат. Университетте 4 магистрдик, 4 жогорку адистик, 15 жогорку бакалавр даражасы жана 31 орто кесиптик билим берүү программасы боюнча келечек ээлери билим алышууда.

2010-жылдан баштап университетте жогорку медициналык билим берүү багытында адистиктер ачылып, бүгүнкү күндө медицина факультетинде “Дарылоо иши” (6 жылдык), “Дарылоо иши” (5 жылдык, чет элдик жарандар үчүн) жана “Фармация” адис-тиктери боюнча жогорку билимдүү адистер даярдалууда.

Студенттерге сапаттуу билим берүү максатында университет эл аралык көз карандысыз агенттиктеринен жогорку кесиптик билим берүү, магистратура жана атайын орто кесиптик билим берүү программалары аккредитациядан өттү.

Бүгүнкү ЖАМУ – бул 12200дөн ашуун студент окуган, 3 институт, 6 факультеттеги 40 кафедраларды, 6 колледжди камтыган жогорку окуу жайы. Университетте 800дөн ашуун жамааттан турган профессордук-окутуучулук курам, анын ичинен 30 илимдин доктору, профессорлор, 100дөн ашуун илимдин кандидаттары, доценттер, 2 КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары, эмгек сиңирген кызматкерлери, кадыр-барктуу окумуштуулар, пикирлеш-санаалаштар эмгектенишет.

2017-жылдан ушул күнгө чейин окуу жайдын атайын эсебинен окутуучулардын айлыгы 240%пайызга көтөрүлдү. Андан сырткары ар жылы профессордук окутуучулук курам жыл ичинде аткарган иштери боюнча аттестация тапшырып, айлык акысына 100% га чейин кошулат.

Учурда ЖАМУда кыргызстандык университеттерден сырткары 10дон ашуун мамлекеттен келген 3000ге жакын чет өлкөлүк студенттер билим алып жатышат.

 ЖАМУда заманбап билим берүү багытында 2017-жылдан бери AVN маалыматтык системасы колдонулуп, студенттердин жана окутуучулардын маалыматтык базасы толук автоматташтырылган. Бул система студенттерди аралыктан окутууга жакшы шарттарды түздү. Ошондой эле окуу процессин аралыктан жүргүзүү жана башкаруу үчүн http://avn.jagu.kg билим берүү порталына кошумча мүмкүнчүлүктөр киргизилип, студенттер модуль, экзамендерин аралыктан ушул портал аркылуу тапшыра алышат.

Окутуучулар электрондук жадыбалды бүгүн билим берүү порталы аркылуу дагы көрө алат. Ошондой эле билим берүү порталына тестирлөөнү аралыктан өткөрүү кошулгандыктан, модулдук–рейтинг системасынын жобосуна ылайык студенттердин билими текшерилип, оң жыйынтыктарды берүүдө.

AVN системасы ишке киргенден баштап, коррупциялык аракеттерге бөгөт коюлуп, анын натыйжасында коомдук жакшы пикир жаралып, ата-энелерден, студенттерден ыраазычылыктар келүүдө.

ЖАМУнун профессор-окутуучулук курамы тарабынан тиешелүү адистиктерге ылайыкташкан окуу китептери, окуу куралы, окуу-усулдук колдонмолор, заманбап электрондук китептер түзүлүп, басмадан чыгарылып, анын негизинде студенттердин сапаттуу билим алуусуна жакшы шарттар түзүлдү.

Сабакка болгон кызыгуусунун, аракетинин жана сапаттуу билим алуунун негизинде төмөндөгү студенттер: Топчубаева Гулзина, Иркеев Ильяз, Жумабеков Алымбек, Кулматов Нурмухамед, Усенов Адилет, Каныбек кызы Алина, Масиркулов Эрнис Президенттик стипендиянын ээси болушту.

Бүтүрүүчүлөрдүн бюджет боюнча 90-92%, окуу акысын төлөп окугандардын (сырттан, күндүзгү бөлүмдөр) 63-65% өз адистиктери боюнча жумушка орношууда.

ЖАМУда 16 окуу корпусу, 424 аудитория, анын ичинен 126 лекция өтүүчү, 144 практикалык сабак өтүүчү, 122 лабораториялык, 32 компьютердик класстарды камтыган аудиториялар менен камсыз болгон. Бардык аудиториялар лабораториялык-практикалык окутууну өткөрүү жана уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдуулар жана өлчөөчү каражаттар менен жабдылган.

Ошондой эле университетте 900 орундуу төрт жатакана, жабык типтеги 6 спорт зал жана 10 спорт аянтчасы, 5 ашкана студенттерге кызмат өтөп келет.

ЖАМУга кабыл алуу

– Окуу жайга кабыл алуу гранттык (бюджеттик) жана контрактык орундардын күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнө жалпы республикалык тестирлөө жыйынтыгынын сертификаты менен жүргүзүлөт. Келишимдик негиздеги орундар үчүн негизги тесттик баллдын жыйынтыгы менен кабыл алынат.

Бюджеттик орундар үчүн жалпы республикалык тестирлөөдө негизги тестти жана тандап алган адистикке жараша кошумча тестти тапшыруу керек.

Келишимдик негиздеги орундар үчүн негизги тесттик баллдын жыйынтыгы менен кабыл алынат.

Ал эми ЖАМУнун Жалал-Абад колледжине (экономикалык, инженердик жана педагогикалык багытта) жана медициналык колледжине (дарылоо иши, сестралык иш, стоматология, фармацевтика, акушердик иш) тиешелүү предметтик сынак тапшыруу менен кабыл алынат.

Бүтүрүүчүлөрдүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине келип окуусу, окуу жайды терең таануу-су, туура маалымат менен камсыз болуусу үчүн жыл бою системалуу түрдө профориентациялык иштер жүргүзүлүп келет. Мисалга алсак, быйыл Кыргыз Респуликасынын Билим берүү жана илим министирлигинин жана Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында “Артыкчылыктуу адистикттердин жана кесиптердин фестивалы” уюштурулду. Аталган фестиваль кесип тандоого багытталгандыктан, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунан жана Жалал-Абад шаарынан 1000ге жакын бүтүрүүчү (9-11-класс) чакырылып, салтанаттуу иш чарага катышышып, окуу жайга болгон кызыгууларын, активдүүлүктөрүн көрсөтүштү.

ЖАМУнун илимий мүмкүнчүлүгү

– Окуу жайдын өзөктүү иштеринин бири болуп, илимий тармак эсептелет. Илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмү окуу жайдын көп деңгээлдүү билим берүү саясатын ишке ашыруу ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ЖАМУнун структуралык түзүмү болуп эсептелет.

2005-жылдан берки аралыкта Окумуш-туулар Кеңешинде 66 докторлук, 346 аспирант, изденүүчүлөрдүн илимий темалары бекитилген жана алардын бир тобу илимий диссертацияларын ийгиликтүү коргошту.

Бүгүнкү күндө ЖАМУдагы докторлордун саны 30, кандидаттардын саны 100дөн ашты. Акыркы беш жылдын аралыгында Окумуштуулар кеңешинин чечими менен КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясына 5 профессор, 16 доцент окумуштуулук наамына сунушталып, илимий наамдарга ээ болушту. Ошондой эле 2021-2022-окуу жылында 2 илимдин доктору, 5 илимдин кандидаты наамын алышты. Окуу жай атайын каражаттын эсебинен илим изилдөөчүлөрүн колдоо иретинде кандидаттыгын коргогондорго 20000 сом, докторлугун коргогондорго 30000 сом бир жолку берилүүчү сый акы берип келет.

Илимий техникалык кеңешме (ИТК) өзүнүн милдеттерин жобого ылайык аткарып келүүдө. Профессордук-окутуучулук курамдын монографияларын, “Ноябрь — илим айы” айлыгына карата кароо сынакты, илим изилдөө боюнча ЖАМУ тарабынан каржылануучу долбоорлорду жана КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржылануучу долбоорлор ишке ашырылып жатат.

I. КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржылануучу долбоорлор:

2022-жыл үчүн каржыланып жаткан долбоорлор:

1. «Математическое моделирование и разработка энергоустановок на основе нетрадиционных возобновляемых источников энергии». (прод.)

2. «Влияние гемотрансмиссивных инфекций на донорство крови, развитие донорства крови, а также контроль инфекционной безопасности компонентов крови» (новый)

3. «Геомеханическая оценка устойчивости оползнеопасных склонов бассейна реки Кугарт Сузакского района Жалал-Абадской области» (новый)

II. ЖАМУ тарабынан 4 долбоор 2022-жыл үчүн каржыланууда:

1. “Фергана өрөөнү Россия империясынын курамында (1876-1917-жж)”

2. “Манас эпосу – тарыхый-этногра-фиялык булак”

3. “Жалал-Абад шаарынын тарыхы”

4. “Жалал-Абад аймагындагы элдердин маданий мурастарына жаңыча көз караш (1991-2021-жж)”

Магистратура жана аспирантура бөлүмү ЖАМУнун структуралык түзүмдөрүндө көп деңгээлдүү билим берүү боюнча пландаштырылган иштерди көзөмөлдөйт жана магистранттарга билим берүү, практикадан өткөрүү, илимий иштерин жазууну уюштуруу, көзөмөлдөө жана илим жактатуу боюнча иштерге жетекчилик кылуу менен аспиранттарды кабыл алуу иштерин жүргүзөт, кандидаттык минимумдарды тапшыруу үчүн курстарды, жылына эки жолу кандидаттык минимум боюнча экзамендерди кабыл алууну уюштурат. Магистратуранын билим берүү программаларынын кадрдык, окуу-усулдук жактан камсыздалышына, материалдык-техникалык жактан жабдылышына кам көрөт. Магистратуранын, аспирантуранын жана илимий иштерди жүргүзүүдө КРнын билим берүү жана илим боюнча нормативдик-укуктук иш кагаздарына таянуу менен ички жоболорду иштеп чыгат. Ошол документтерге таянуу менен илимий долбоорлорду жазууну, илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, илимий окууларды, тегерек столдорду уюштуруу, илимий журналдарды жана монографияларды чыгаруу иштерин жүргүзөт.

ЖАМУнун ППСинин илимий потенциялын, квалификациясын жогорулатуу максатында 4 докторлук диссертациялык кеңеш иш алып барып жатат.

ЖАМУнун эл аралык байланыштары

– Университеттин тамыры улам тереңдеп, эл аралык байланыштар жыл сайын күчөп жатат. Бул – мамлекетибиздеги бүгүнкү билим сапатын көтөрүүнүн башкы талаптарынын бири. Эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдоо, республикабыздагы жана чет өлкөдөгү жогорку окуу жайлар менен байланышты күчөтүү максатында 1997-жылы ЖАМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен эл аралык байланыштар департаменти түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери үчүн, чет өлкөлөрдөгү окуу жайлары менен байланышып иштөөсүнө бардык шарт бар. Erasmus+ программасынын алкагында «Жергиликтүү бийликти башкаруунун аймактык милдеттери- ROAD» долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун негизинде университеттин 12 профессор-окутуучулары Европадагы шериктеш университтетерге барып, билимдерин өркүндөтүп келишти. 23000 евро гранттык негизде ЖАМУнун базасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үчүн борбор каржыланат.

Ошондой эле Эл аралык байланыштар департаменти ЖАМУнун карамагындагы Америка ордосу, Конфуций институту жана башка көптөгөн эл аралык уюмдар, мекемелер менен тыгыз байланышта иш алып барат. Билим берүүнүн сапатын көтөрүү жаңы мейкиндиктерди, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүнү талап кылат. Ага ылайык окутуунун сапатын жакшыртуу максатында адистиктерге тиешелүү усулдук кааналар жана лабораториялар билим берүүнүн дүйнөлүк стандартына ылайыкташкан заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган жана интернет түйүндөрүнө туташтырылган.

ЖАМУ бүгүн эл аралык билим берүүдөгү эң алдыңкы тажрыйбаларды, инновацияларды өздөштүрүп, билим берүү технологияларын өнүктүрүп жатат. Айрым багыттар боюнча англис тилинде окуткан, эл аралык жана мамлекеттик стандартка шайкеш келген билим берүү системасы колго алынууда.

Атайын программалардын негизинде бир топ окутуучулар жана студенттер алыскы чет өлкөлөрдөн кыска жана узак мөөнөттүү стажировкалардан өтүп келишти.

ЖАМУда иштеп жаткан профессордук-окутуучулук курам, студенттер чет мамлекеттеги жогорку окуу жайларда атайын такшалуудан өтүп, АКШда 1 окутуучу, 2 студент, Кытай Эл Республикасында 10 окутуучу, 55 студент, Испанияда 8 окутуучу, Германияда 2 окутуучу, 20 студент, Румынияда 1 студент, Турцияда 10 окутуучу, Индияда 6 окутуучу, Казакстанда 2 студент, Россияда 7 студент өз тажрыйбаларын арттырышты.

ЖАМУнун «Америка Ордосу» ресурстук борбору

– 2003-жылы ЖАМУ менен АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде «Америка Ордосу» ресурстук борбору ачылган. Борбор заманбап эмеректер, спутник байланышына туташтырылган телевизор, электрондук китептер, жаңы окуу адабияттары менен камсыздалган, 55 компьютер интернетке туташтырылган жана WI-FI орнотулган.

Борбордун ишин колдоо жана өнүктүрүү максатында АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жыл сайын гранттык каражаттарды бөлөт. Ресурстук борбор университеттин жана шаардын тургундарына акысыз тил үйрөнүү курстарын, окутуунун жаңы технологияларын, гранттар үчүн долбоорлорду даярдоону үйрөнүү, Америка таануу боюнча иш чараларды жүргүзөт. Жыл ичинде 15 миңден ашуун студенттер жана окутуучулар борбордун кызматынан пайдаланышат. Борбор уюшулгандан бери АКШдан келген Тынч-тык Корпусунунун 10дон ашык волонтеру иштеп, көптөгөн студенттерибиздин, окутуучуларыбыздын чет өлкөлөргө барып окуп келишине, ар түрдүү конкурстарга катышып, ийгиликтерге жетишине жардам беришти.

АКШ Элчилиги “Америка ордосуна” 2008-жылдан 2018-жылга чейин 62440 доллар, 23000 евро өлчөмүндө гранттык колдоо көрсөттү. 2012-2013 жылы жогоруда түшкөн гранттык каражаттардын эсебинен башкы имараттын үчүнчү кабатында үч аудитория толугу менен оңдолуп, “Америка Ордосу” жайгаштырылды жана жаңы техникалык каражаттар жана эмеректер менен камсыз болду. Ресурстук борбордо 2000ден ашык түрдүү жанрдагы адабий китептер, англис тилинин грамматикасы, англисче-орусча-кыргызча сөздүктөр, Американын тарыхы, адабияты, экономикасы боюнча көптөгөн окуу куралдары бар.

Окутуучулар жана студенттер интернетти акысыз колдоно алышат. Борбордо окутуучуларга жана студенттерге түрдүү темаларда эл аралык онлайн конференциялар, семинарлар жана тренингдер, ошондой эле чет өлкөлөрдө окуу, тажрыйба алмашуу программалар боюнча презентациялар өткөрүлүп турат. Ай сайын 4000ден ашык студент жана окутуучулар ресурстук борбордун окуу-техникалык каражаттарын пайдаланышат.

Учурда АКШдан келген Тынчтык Корпусунун волонтерлору англис тили боюнча төмөндөгүдөй курстарды уюштуруп өткөрүүдө: «Сүйлөшүү курсу», «Академиялык жазуу», «Англис тилинин грамматикасы», «TOEFL» жана башкалар.

ЖАМУнун Конфуций институту

– Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчилигинин демилгеси, Ханьбань жана Синьцзян университеттеринин колдоосу менен 2016-жылдын декабрында Конфуций институту ачылган. Институтка кыргыз тараптан ф.и.к., доцент М.Шакирова, кытай тараптан Айдар Үсөн директор болуп дайындалган.

Буга чейин 2010-11-окуу жылында аталган окуу жайда профессор Субай Анарбектин жана биздин демилгебиз менен Кытай борбору ачылган эле. Биргелешип иштөөнүн натыйжасында, бүгүнкү күндө борбордун ишмердүүлүгү менен 600гө жакын студент кытай тилин үйрөнүшүп, дипломдуу болушту. Анын ичинен 50гө жакыны кытай тили боюнча Хэнань, Шенянь, Гуанджу, Үрүмчү, Сиан, Харбинде билимин өркүндөтүп келишти. Бир топ студент магис-тратурада, аспирантурада билим алууну улантып жатышат.

Аталган борбордун базасында түзүлгөн Конфуций инс-титуту Жалал-Абад облусунда муктаждыкка жараша, кытай тилин үйрөтүүчү курстардын санын көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатат. Тил үйрөнүүчүлөрдү Кытайдан келген окутуучулар жана волонтерлор окутат, өз учурунда тил үйрөнүү деңгээлин анык-тоочу сынактарды өткөрүшөт. Бул курстарда студенттер жалаң гана тил үйрөнүү менен гана чектелбестен, кытай элинин маданиятын, каада-салтын, музыкасын, искусствосун, бүтүндөй кытай дүйнөсүн да кошо таанып келишүүдө.

Окуу жайыбыздын алдындагы Конфуций институту аз аралыктын ичинде бир нече ийгиликтерге жетишти. КНРдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан жылына өткөрүлүп туруучу “Тилдер фестивалы”, “Тил көпүрөсү” конкурстарында алдыңкы орундарды камсыз кылып келе жатышат.

Мындан сырткары, Конфуций институту Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Кытай күндөрү”, “Кытай жумалыгы”, “Кыш чилдеси”, “Күрүч майрамы”, “Бүтүрүүчүлөр” жана башка ушул сыяктуу бир топ иш чараларды үзгүлтүксүз уюштуруп, университеттин жандуу турмушуна активдүү катышып, ар тараптан көмөк көрсөтүп, биргелешип иштөө менен кытай эли менен кыргыз элинин ортосундагы достук мамилелердин чыңдалышына өз салымын кошуп келет.

Институтка материалдык жана моралдык колдоолор болуп, 2017- жылдан бери Кытай тараптан 50 миллион сомдон ашык инвестиция тартылып, кабинеттер, аудиториялар, оңдолуп, атайын админис-тративдик офис курулду. Китепкана, жыйындар залы түзүлүп, ишке киргизилди. Заманбап, жаңы эмеректер менен камсыздалган.

Институт ачылгандан бери кытай тили класстары бир нече окуу мекемелеринде – Кочкор-Ата, Кара-Көл, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында, Базар-Коргон, Сузак райондорунда, окуу жайдын өзүндө уюштурулуп, кытай тилин үйрөнүүчүлөрдүн саны 1000ге жетти. Албетте, бул чек эмес, кытай тилин үйрөнөм дегендердин саны күн сайын өсүүдө. Ошондуктан, институттун алдында тил үйрөнүүгө дагы да ыңгайлуу шарттарды түзүү талабы турат. Учурда 50 орундуу лингафон кабинетин түзүлүп, иштеп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен кытай таануу, кытай тили адистиктери ачылды.

ЖАМУнун коомдук ишмердүүлүгү

– ЖАМУда социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректордун жетекчилиги менен Мамлекеттик тил бөлүмү, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борбору, ЖАМУдагы ден соолукту чыңдоо жана спорт тармагы, ЖАМУнун Жаштар комитети, ЖАМУнун медпункту, ЖАМУнун Рыспай Абдыкадыров клубу иш алып барат.

Заманбыздын залкар обончу-ком-позитору Рыспай Абдыкадыров клубу ЖАМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечиминин негизинде, 1994-жылы 11-майда Султан Борошевдин демилгеси, профессор Сабыржан Кыдыралиевдин жетекчилиги менен Р.Абдыкадыровдун көзү тирүүсүндө уюштурулган.

Клуб Р.Абдыкадыровдун керемет обондору аркылуу улуттук дөөлөт мурастарыбызды изилдөө жана өнүктүрүү боюнча көп иштерди аткарууда. Клубдун республикабызда жана жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдө 350дөн ашуун мүчөсү бар.

2017-жылы ЖАМУнун маданий-массалык тармагынын ишмердүүлүгүнүн абалын эске алуу менен “маданий-эстетикалык борбор” ачылган. Маданий-эстетикалык борбордун негизги максаты – университетте өткөрүлүп жаткан маданий-эстетикалык жана маданий-массалык иш чараларды уюштуруп өткөрүү, университетте окуган студенттердин окуудан сырткаркы убактыларын максаттуу, сабаттуу жана сапаттуу өткөрүүсүнө шарт түзүп берүү. Студенттердин таланттарын, өз өнөрлөрүн өркүндөтүүсүнө көмөктөшүү.

Ошондой эле ЖАМУдагы ден соолукту чыңдоо жана спорт тармагын өнүктүрүү жакшы жолго коюлган. Борбордо спорттун 22 түрү боюнча тиешелүү масштабда машыгуу иштери уюштурулуп, волейбол, баскетбол, мини футбол, шахмат, тогуз коргоол, бильярд, грек-рим күрөшү, стол үстүндөгү теннис боюнча секциялар, клубдар түзүлүп иштеп келүүдө. Биздин спортчуларыбыз ЖОЖдор арасындагы универсиадаларда, эл аралык деңгээлдеги мелдештерге байгелүү орундарга ээ болушууда жана олимпиадага катышышууда. Эл аралык мелдештерде байгелүү орунду ээлеген спортчу студенттерибизге окуу акысынан атайын жеңилдиктер каралган. Бул биз республиканын спортунун өнүгүшүнө кошкон салымыбыз.

Ал эми ЖАМУнун Жаштар комитетинин окуу жана илим, маданият, социалдык иштер, спорт, массалык-маалымат секторлору тегерек стол жана дебат, түрдүү иш чараларды, интеллектуалдык оюндарды уюштурушуп, университеттин жаштарынын башын бириктирип кызыктуу жана активдүү иш алып барышууда.

Андан башка биздин университеттин негизинен окуу адабияттарын камтыган 726636 нускадагы китеп фондусу бар китепканабыздын эшиги студенттер үчүн ар дайым ачык. Китепканабыз «KYRLIBNET» евродолбоорунун алкагында Кыргызстандагы электрондук китепканалардын ассоциациясын уюштуруучулардын жана түзүүчүлөрдүн бири болуп калды. Ошондой эле ушул долбоордун жрдамы менен 2007-жылы китепкананын өздүк WEB-сайты түзүлгөн (www.Jasulib.org.kg).

ЖАМУда бүгүнкү күндө профессор-окутуучулар жамааты, студенттер жаратмандыктын үлгүсүн көрсөтүшүп, заманбап билим алуунун артыкчылыктарын кеңири пайдаланышууда. Биздин университетибиз Россия, Кытай, Түштүк Корея, Германия, Турция, Өзбекстан, Казакстан, Татарстандын жогорку окуу жайлары менен билим берүү жана илим жаатында өз ара кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшуп, алакаларыбыз жакшы жолго коюлуп калды. Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жаштарга заманбап билим берүүнүн ордосуна айланды. Биздин университеттен билим алган студенттер дүйнөнүн төрт бурчунда иштеп жатышат.

Жалал-Абад мамлекеттик университетин тандаган ар бир абитуриент келечектин татыктуу адиси болоруна толук шарттар түзүлгөн. Жалал-Абад мамлекеттик университети – мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун ачкычы.

Шекербек КАЛЫКОВ

0 Поделились