Фарид Ниязовдун атасы дүйнө салды

КР президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси, КСДП партиясынын төрагаcынын биринчи орун басары Фарид Ниязовдун атасы Абилезим Ниязов каза болду. Бул тууралуу жакындары билдирди.

Абилезим Ниязов бүгүн, 18-августта таңга жуук үзүлгөн. Ал көп жылдар бою Кыргыз радиосунда эмгектенген.