Кытай элчилиги: Кытайга окуу-визасынын өз убагында берилүүсүнө аракет кылабыз

Бишкектеги Кытай элчилиги кытай ЖОЖдорунда окуган кыргыз студенттеринин визаларын өз убагында даярдоого бардык аракеттерин жумшайт. Бул маселени кыргыз ТИМ статс-катчысы Айбек Омокеев жана Кытайдын КРдагы элчиси Сяо Цинхуа талкуулаганын ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай дипломаты Кыргызстандык студенттердин Кытайга окуу жылынын башында өз убагында баруусун эске алуу менен визаларды даярдоону аяктоого элчилик бардык аракеттерин көрөт.

Ошондой эле, элчилик кабыл алуу күндөрү 60ка чейин студентти кабыл ала турганын билдирген.

Жолугушууга Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков дагы катышты.