Назгүл АКУНОВА, ырчы:  «Ийилдим, бирок сынбадым»

Аида НАДЫРБЕКОВА, «Кыргыз Туусу»


1982-жылы Нарын обулусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында төрөлгөн. Кош-Дөбө орто мектебин аяктагандан соң Нарын университетинин чет тилдер факультетине тапшырган. 5 бир тууган: 1 эркек, 4 кыз.

– Үй-бүлөңүздө чыгармачыл адамдар барбы, ырчылык өнөр сизге кимден өткөн?

– Ыраматылык өзүмдүн апам жакшы ырдачу эле, апамдан калган го деп коем. Өзүм кичинемден эле ырга жакын болгондуктан мектепте дайыма ырдап жүрчүмүн, негизи эле жан дүйнөм ырга жакын. Ыр – мен үчүн бардыгы, маанайым чөгүп турганда же стресс болгондо ырдасам кадимкидей жеңилдеп калам.

Талбаган күрөш артындагы татыктуу жеңиштер

– Эки уулду жалгыз тарбиялоо, ошол эле учурда иш, ырчылык, мунун баарын тең алып кетүү кыйын эмеспи?

– «Жакшы аял эркекти хан кылат», – демекчи, турмушка чыккандан кийин өзүмдү жыйыштырып коюп бүт баардыгын үй-бүлөмө арнагам, бирок тилекке каршы жашоодо ар кандай түшүнбөстүктөр болот экен, жолдошум бактысын башкадан издеп кетти. Уулдарым акылдуу жигиттер, мени аяп, кам көрүп турушат. Албетте баарын алып кетүү кыйын, ошол эле учурда балдарыңды жалгыз тарбиялоо, үйдү жалгыз багуу деген оор, бирок менин байлыктарым, азаматтарым бар, бир да кыйынчылык мага сезилбейт. Келечектеги кыргыздын керегине жараган, кыргыздын атын алыска тааныткан инсандарды тарбиялап өстүрсөм деген изги тилектерим бар.

– Жашоо – өзү сыноо эмеспи, жашоодо сынган учурларда кантип кырдаалдан чыктыңыз?

– Өзүм кичинекейимде тың, тыкылдаган кыйын кыз болчумун, турмушка чыгып, төрөгөндөн кийин бир аз депрессияга түштүм, ата-энемден айрылдым, балам жаш, бир туугандарым жаш, менин колумда калгандыктан мунун баарын көтөрө билүү оор болду. Ийилдим, бирок сынбадым, жашоо татаал, аны жашай билиш керек, азыр Кудайга шүгүр баары орду-орду менен келе жатат.

– Чыгармачылык дүйнөгө кантип келип калдыңыз?

NewTV каналынын диктору Жазгүл МАДИНОВА: Жакшы көргөн адамга биринчи болуп кадам таштаганга эрким жетпейт

– Н.Токтосунованын алып баруучулар мектеби жаңы ачылып жаткан кезде, Нурзатка жолугуп калып, «мен да барсам болобу, жашым туура келеби?», – десем, «окуганга эч качан кеч эмес, сизден да улуулар келишет», – деген эле. Өзүмө дагы алып баруучулук жакын болгондуктан, жан дүйнөм эңсеп, жашоомду алмаштыргым келип, ал мектепке барым, окуп калдым. Андан соң Марал радиосунда иштедим. Радиодон көп адамдар менен тааныштым, көптөгөн жакшы нерселерге ээ болдум. 2 жыл мурун, алгачкы «Кайдасың» деген ырым жарыкка чыккан.

– Жакында элге тартуулаган клиптин идеясы кимге таандык жана клип сиздин жашооңуздан алынган эмеспи?

– Гүлшайыр Садыбакасованын «Ак кайың» ырын жаңыртып ырдап чыктым, ырдын темпи бир аз ылдамыраак, жаңы версиясы десек болот. А клиптин идеясы белгилүү косметолог А.Сагынбаевага таандык. Эми толугу менен менин жашоомдун көчүрмөсү эмес, болгону жашоомо окшош жерлери бар.

– Учурда эмне иш менен алектенесиз?

– Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын адабий бөлүмүн жетектейм, андан тышкары ырдайм, тамадалык кылам, жазууга да кызыккандыктан, келечекте драматург болсом деген үмүтүм бар.

Мектепти аяктагандан кийин Нарын университетинин чет тилдер факультетине тапшыргам, бирок тилекке каршы бүтпөй калдым.