Эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын күнөөкөрү – мас абалдагы милиция кызматкери болгон

Бишкектеги Айтматов проспектиси менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн эртең менен саат 6:15те эки унаа кагылышып, натыйжада эки адам каза болгон. Окуя болгон жерди текшерүүдө Toyota Windom унаасынын 28 жаштагы айдоочусу Айтматов проспектиси боюнча бара жатып, кызыл күйгөндө токтогон Mazda унаасын сүзүп алган. Соккудан соң Mazda алдыда токтоп турган унаалар менен кагылышкан.

Жол кырсыгынан эки адам Mazda унаасынын айдоочусу Ш.В. (1974-ж. туулган) жана жүргүнчүсү К.Д. (1990-жылы туулган) каза болгон. Башка унаалардын жүргүнчүлөрү жана айдоочулары жеңил жаракаттарды алышкан.

ШИИБден билдиришкендей, Toyota Windom унаасынын айдоочусу – Ленин райондук ИИБ кызматкери, ички иштер органдарында 2011-жылдан бери иштейт. Милициядан ал унааны мас абалында башкарып бара жатканын кошумчалашты.

Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бир катар соттук экспертизалар белгиленди.  Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.